Ала-Арча тоосуна 3-август күнү чыгып кетип, 1982-жылы туулган М. Б. жана 2015-жылы туулган кызы дайынсыз болуп атканы тууралуу маалымат түшкөн. Бүгүн эрте менен издөө иштерине, жерине ӨКМге караштуу КДМБдан 5 куткаруучу, Ысык-Ата райондук ӨКБдан дрон менен 1 офицер жана туугандарынан 15 адам тартылган. Саат 9:53тө изделип аткан адамдын сөөгү Ала-Арча суусунда жаткандыгы тууралуу маалымат ыктыярчылар […]Читать далее
Президент Ысык-Көлдөгү “Жыргалаң” көмүр кенинин ишке киришине байланыштуу комментарий берди
Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген кыскача маегинде 12 жылдан бери иштебей турган Жыргалаң көмүр кени ишке киргизилгендигине байланыштуу суроого жооп берди. — Ысык-Көлдөгү “Жыргалаң” шахтасы он эки жылдан кийин ишке кирди деген маалымат чыккандан кийин айрым адамдар жана айрым ЖМКлар “Бул жалган, “Жыргалаң” эмес, башкасы ишке кирди жана башка…” деп, ар кандай кептерди […]Читать далее
Өзбекстандык «Silk Avia» авиакомпаниясынын Ташкент-Ысык-Көл багыты боюнча каттам салтанаттуу түрдө
2023-жылдын 5-августунда «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда Ташкент-Ысык-Көл-Ташкент багыты боюнча жаңы каттам салтанаттуу түрдө тосуп алынды. Салт боюнча «Silk Avia» авиакомпаниясынын ATR 72-600 учагын суу аркасы менен тосуп алышты. Ташкенттен жаңы каттам менен «Ысык-Көл» эл аралык аэропортуна 56 жүргүнчү учуп келсе, 56 адам кайра Ташкентке учуп кетмекчи. Белгилей кетсек, бул жаңы Өзбекстандык «Silk Avia» авиакомпаниясынын биринчи […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, ушул жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча жеке ассистенттентердин саны 13 657 адамды түздү. Алар 13 373 чоңдорго жана майып балдарга кызмат көрсөтүшөт. 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында 8 366 адам жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы алышкан, алар 8 493 чоң кишилерге жана майыптыгы бар балдарга кызмат көрсөтүшкөн. 2023-жылы […]Читать далее
Бүгүн, 5- августта Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуӊкурчак жайлоосунда “Kымыз-FEST – 2023” этнофестивалы өтүүдө. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев, президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев, маданият өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана ар аймактан келген жүздөгөн мейман катышууда. Этнофестивалдын жүрүшүндө […]Читать далее
Акылбек Жапаров Миң-Куш айылындагы калдык сактоочу жайларды рекультивациялоо иштери менен
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы калдык сактоочу жайларды рекультивациялоо иштери менен таанышты. Белгилей кетсек, учурда уран калдыктарын “Туюк-Суу” калдык сактоочу жайынан “Дальнее” калдык сактоочу жайына которуу боюнча иштер жүрүүдө. Буга чейин үстүбүздөгү жылдын 13-июлунда Кыргыз […]Читать далее
Бакыт Төрөбаев Германиянын миграциялык макулдашуулар боюнча атайын өкүлү Йоахим Штамп
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Германиянын Федералдык Өкмөтүнүн миграциялык макулдашуулар боюнча атайын өкүлү доктор Йоахим Штамп менен жолукту. Жолугушууда тараптар билим берүү, миграция жана виза маселелери боюнча кеңири талкуу жүргүздү. Кыргыз жарандарына Германияда окуу жана иштөө максаттарында виза алуу үчүн жеңилдик берүүнү карап чыгуу герман тарапка сунушталып, бул багытта […]Читать далее
Ошто өтө турган президенттин кубогу 24-августта башталат, ал эми финалдык беттеш 31-августта өтөт. Ал эми 13-августтан 20-августка чейин Ысык-Көлдүн жээгинде көк бөрү боюнча клубдар аралык Дүйнө кубогу өтөт. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Монголия, Венгрия, Россия, Түркия жана АКШдан клубдар катышат.Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, бир жарым жылдан бери Бишкекте 450дөн ашык аз камсыз болгон үй-бүлөлөр мамлекет менен социалдык келишим түзгөн. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-августта борбор калаанын мэриясында өткөн 100 миң сомдук сертификаттарды тапшыруу аземинде билдирди. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов менен Дастан Бекешев, биринчи вице-мэр Мирланбек Байгочоков катышты. […]Читать далее
Бүгүн, 4-августта, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Германиянын ИИМине караштуу федералдык Өкмөттүн миграциялык макулдашуулар боюнча атайын өкүлү Йоахим штампы менен кыргыз-герман кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарын талкуулады. Жолугушууга ошондой эле иш менен камсыз кылуу боюнча федералдык агенттиктин башчысы Зигфрид Баумлер, Федералдык канцлериянын тышкы миграция саясаты бөлүмүнүн башчысы Александр Юнг катышты. «Эмгек министрлигинин артыкчылыктуу милдети […]Читать далее