Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жаңы МРТ аппараты орнотулууда

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда (ЭжБКУБ) жаңы МРТ аппаратын орнотуу иштери баштады. Жаңы медициналык жабдуу алдыңкы технологиялар менен жабдылган жана бардык курактагы бейтаптарды диагностикалык текшерүүгө мүмкүндүк берет. Учурда медициналык жабдууну орнотуу иштери жүрүп жатат, андан соң тууралоо иштери жүргүзүлөт. Аппаратты ишке киргизүү августтун аягына пландалууда.
Бул аппарат Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоору аркылуу сатылып алынган.
1996-жылдан бери иштеп келе жаткан Бишкектеги жалгыз мамлекеттик МРТ аппараты 2022-жылы иштен чыккан. МРТ текшерүүсүнө муктаж бейтаптар жеке медициналык борборлорго кайрылууга аргасыз болуп, бейтаптарга жана медицина кызматкерлерине ыңгайсыздыктарды жаратууда. MРТ диагностикасы балдар жана ымыркайлар үчүн да коопсуз, анткени ал магниттик таасирге негизделген, анын натыйжасында бейтаптар радиациянын төмөн дозасын алышат.
Ошондой эле, быйылкы жылы КР Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталга дагы бир МРТ аппаратынын келиши жана орнотулушу күтүлүүдө.
“COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун максаты – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө COVID-19 коркунучун алдын алууда, аныктоодо жана ага жооп кайтарууда жана саламаттыкты сактоонун улуттук системасын бекемдөөгө колдоо көрсөтүү.

Связанный пост