“Чакан ГЭС” ААК электромобилдерди кубаттоочу станцияларды орнотуу иштерин улантууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Энергиянын кайра жаралуучу булактарын жана электр транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү саясатынын алкагында “Чакан ГЭС” ААК өз каражаттарынын эсебинен өлкө боюнча кубаттоочу станцияларды кура баштады. Бүгүнкү күнгө карата 6 кубаттоочу станция орнотулду: Бишкек шаарында (ГЭС-3) – 2 станция (80 кВт); Кемин районундагы Бишкек-Торугарт […]Читать далее
Кыргызстандыктар үчүн чет өлкөдө 100 шайлоо тилкеси ачылат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин директорунун орун басары Алмаз Байбосов “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди. Анын айтымында, чет өлкөдө 100 шайлоо тилкесинин ачылышы буга чейин өлкө тарыхында болуп көрбөгөндүктөн, бул рекорддук сан болууда. “Мурунку шайлоолорго салыштырмалуу азыр чет өлкөдө шайлоо тилкелери дээрлик эки эсеге көп […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “КР Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 25-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты – Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарын өркүндөтүү аркылуу кызматтык же кесиптик ишти жүзөгө ашырып жаткан, ошондой эле коомдук милдетин аткарып жаткан адамдарды мыйзамсыз зомбулук аракеттеринен коргоо үчүн тиешелүү укуктук базаны түзүү болуп эсептелет. […]Читать далее
Манас шаарында унаа токтотуучу жайы жок коммерциялык объектилер жабылат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Мэр Эрнисбек Ормоковдун буйругуна ылайык, шаардын негизги көчөлөрүндөгү унаа токтотуучу жайы жок бардык коммерциялык объектилер, атап айтканда кафе, ресторан, дүкөн, дарыкана, ашкана, чачтарач, супермаркет, тез татым жайлары жана башка калкка кызмат көрсөткөн жайлардын ишмердүүлүгү токтотулат. Бул боюнча мэрдин орун басары Уларбек Исмаилов […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 24-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты аскердик-медициналык кызматкерлердин квалификациясын жана алардын заманбап медициналык жабдуулар менен иштөө көндүмдөрүн жогорулатуу болуп саналат. Мыйзам менен “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына айрым учурларда аскер кызматчыларына […]Читать далее
“Кыргызстан аэропорттору” ААКтын акционерлери анын туунду компаниясы “Асман Эйрлайнс” ЖЧКсына орто аралыкка учуучу эки учакты сатып алуу чечимин кабыл алды. Ведомстводон маалымдашкандай, ага “Кыргызстан аэропорттору” ААК 100 пайыз ээлик кылат. Бул кадам авиапаркты кеңейтүүгө, ички жана эл аралык каттамдарды өнүктүрүүгө, улуттук авиакомпаниянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.Читать далее
Президенттин Иш башкармалыгына караштуу ведомстволук уюмдар планды 111,3 пайыз деңгээлинде аткарып, иш жүзүндөгү кирешелер 10 млрд 357,2 млн сомду түздү. Бул тууралуу күн мурун башкармалыктын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин төрагалыгы астында өткөн коллегиялык жыйында айтылды. Ведомствонун маалыматына ылайык, коллегиянын жүрүшүндө Иш башкармалыктын ведомстволук уюмдарынын 2025-жылдын 9 айына карата планы 9 млрд 304,5 млн сом деп белгиленип, […]Читать далее
“Кыргызкөмүр” ишканасы тарабынан уюштурулган социалдык көмүр кампаларында көмүрдүн тартыштыгы байкалууда. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, элди арзан көмүр менен камсыз кылуу максатында бир катар чаралар көрүлүүдө. Бул багытта Кара-Кече кенине жеке көмүр ташуучулардын кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Мындай чара көмүр запасын өз убагында жана толук көлөмдө толуктоо, базардагы бааларды турукташтыруу жана калктын аз […]Читать далее
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын кыска мөөнөттүү байкоо миссиясынын атайын координатору жана жетекчиси Клод Хааген менен жолукту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты. Жолугушууда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү жана эл аралык байкоочулар менен кызматташтык маселелери талкууланды. Тынчтык Шайназаров белгилегендей, шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышуу үчүн чакыруулар дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө жөнөтүлгөн. […]Читать далее
Бүгүн Ош шаарында “Үлүштүк курулуш” долбоорунун алкагында курулган көп кабаттуу үй пайдаланууга берилди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев жана шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов катышып, батир ээлерине ачкычтарды тапшырды. Жеңишбек Токторбаев батир ээлерин куттуктап, мэриянын шаар тургундарын турак жай менен камсыздоо багытындагы иш-аракеттери мындан ары да күчөтүлөрүн белгиледи. Тогуз кабаттуу, 96 батирлүү […]Читать далее