Кыргызстандын деңизге чыгуусу үчүн Халиф портунан 30 гектардан ашык жер бөлүндү

 Кыргызстандын деңизге чыгуусу үчүн Халиф портунан 30 гектардан ашык жер бөлүндү

Кыргызстандын деңизге чыгуусу үчүн Халиф портунан 30 гектардан ашык жер бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Финансы министринин орун басары Руслан Татиков БАЭ менен сооданы өнүктүрүү жана экономикалык байланыштарды чыңдоо алкагындагы жолугушуудагы келишимге катышты.

Жолугушууда эмираттык компания Абу-Дабинин эркин экономикалык аймагында логистикалык борборду жана бажы тармагын өнүктүрүү максатында Халиф портунан 30 гектардан ашык жерди Кыргызстанга бөлүп берүү келишимине кол коюлду.

Ошондой эле Maqta Gateway Финансы министрлиги үчүн бажы жана чек ара көзөмөлүн, инфраструктураны, анын ичинде улуттук “Бирдиктүү терезе” түзүү аркылуу модернизациялоо жана санариптештирүү стратегиясын демилгелейт.

Связанный пост