“Торугарт-автожол” жана “Иркештам-автожол” өткөрүү жайлары 1-майда убактылуу жабылат

 “Торугарт-автожол” жана “Иркештам-автожол” өткөрүү жайлары 1-майда убактылуу жабылат

Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы кытай тараптын демилгеси менен Кытай Эл Республикасында «Эмгек күнү» майрамдалгандыгына байланыштуу кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан “Торугарт-автожол” жана “Иркештам-автожол” өткөрүү жайлары 2024-жылдын 1-майында убактылуу жабылаарын маалымдайт.

Адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү “Иркештам-автожол” жана “Торугарт-автожол” КӨЖ аркылуу өткөрүү 2024-жылдын 2-майында кайрадан жанданат.

Связанный пост