Нурланбек Шакиев “Кайыңды-Кант” ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты

 Нурланбек Шакиев “Кайыңды-Кант” ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты

Бүгүн, 16-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Панфилов районундагы “Кайыңды-Кант” ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Кайыңды шаарында жайгашкан кант заводу 1963-жылдан бери кумшекер өндүрүп келет. 2012-жылы заводдун тетиктери жаңыланып, өндүрүштүн сапатын жакшыртуу багытында алгылыктуу жумуштар жасалган. Учурда ишканада миңден ашуун кызматкер эмгектенип, Кант шаарындагы завод менен бирге республиканы кумшекер менен 60% камсыздайт. Муну менен катар өндүрүштөн чыккан калдыктар малга тоют катары даярдалат. Тилекке каршы заводдо чийки заттын жетишсиздиги курч. Чүй облусунда өстүрүлгөн кант кызылчасынан тышкары, Талас облусунан да ташылып келинет. Бирок коңшу өлкө аркылуу темир жол менен ташууда көйгөйлөр бар экендигине байланыштуу азыркы тапта Таласта эки миң тоннадан ашык кызылча кармалып турат. Натыйжада чийки заттын жетишсиздигинен заводдун иши үзгүлтүккө учурап калуу коркунучу бар.

Айтылган көйгөйлөрдү угуп, кайра иштетүү өндүрүшүнүн жүрүшү менен жеринде таанышкан Төрага Нурланбек Шакиев заводдун иши өлкө экономикасы үчүн өтө маанилүү экенин белгиледи. Ага ылайык, экономика министринин орун басары Чыңгыз Макешовго Талас облусунда кармалып турган кант кызылчасын Казакстан аркылуу алып келүүгө тез арада көмөктөшүү тапшырмасын берди.

“Мамлекет үчүн ата-мекендик өндүрүштү колдоо артыкчылыкка ээ болушу керек. Элибизди кумшекер менен камсыздаган ири заводдун иши үзгүлтүккө учурабай, өнүгүшү шарт”, – деди Төрага.

Эскерте кетсек, Нурланбек Шакиев Чүй облусунун Жайыл жана Панфилов райондорунда иш сапары менен жүрөт. Сапардын алкагында аймактагы социалдык мекемелердин абалы менен жеринде таанышып, айрым өндүрүштүк ишканалардын ишмердүүлүгүнөн кабар алууда.

Связанный пост