ИИМ жарандарды такталган маалыматтарга гана ишенүүгө чакырат

 ИИМ жарандарды такталган маалыматтарга гана ишенүүгө чакырат

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) учурда интернетте чек арадагы кагылышуу тууралуу бурмаланган жана так эмес маалыматтар таратылып жатканын билдирет.

Мындай бурмаланган жана орунсуз маалыматтардын кесепети өлкөдөгү кырдаалды курчутушу мүмкүн. Буга байланыштуу, ИИМ жарандардан дүрбөлөңгө түшпөөнү, жалган жана туура эмес маалыматтын жайылышына жол бербөөнү, ушактарды көбөйтпөөнү, расмий мамлекеттик органдардын ишенимдүү булактарына же комментарийлерине гана таянууну суранат.

“Социалдык тармактардын колдонуучуларына чыр-чатактын күчөп кетишине жана анын курчушуна жол бербөө үчүн терс комментарийлерден алыс болууну сунуштайбыз. Муну менен бирге жарандарга активдүү жарандык позициясы жана кырдаалды турукташтыруу маселелеринде көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдиребиз”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост