Бишкекте 24-25-сентябрь күндөрү айыл чарба жарманкеси өтөт

 Бишкекте 24-25-сентябрь күндөрү  айыл чарба жарманкеси өтөт

Бишкекте дем алыш күндөрү айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлайт.

Маалыматка ылайык, жарманке 24-25-сентябрда Бишкек шаарынын Раззаков-Киев көчөсү менен Раззаков-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде өтмөкчү.

Жарманкенин максаты – ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо менен айыл чарба продукцияларын шаар тургундарына дүң баада жеткирүү болуп саналат.

Министрлик өндүрүлгөн айыл чарба продукциясын жана кайра иштетилген продукцияны сатууну каалаган жеке ишкерлерди жарманкеге чакырат.

Суроолор боюнча: 0312-62-36-82; 0555-220-362; 0701-833-855, же министрликтин WhatsApp номерине кайрылууга болот.

Связанный пост