Ички иштер министрлигине 19 жаңы кызматтык унаа тапшырылды

 Ички иштер министрлигине 19 жаңы кызматтык унаа тапшырылды

“Альянс Алтын” компаниясы Ички иштер министрлигине Chevrolet Nexia үлгүсүндөгү унааларды тапшырды. Бул тууралуу ИИмдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, унааларды тапшыруу аземине “Альянс Алтын” компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Ахмед Бажаев менен ички иштер министри Улан Ниязбеков катышты.

Ахмед Бажаевдин айтуусунда, компаниянын башкы максаттарынын бири катары өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн мамлекеттик органдарга жардам берүү болуп эсептелет. Бул билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана спорт тутумун, андан сырткары укук коргоо органдарын колдоону түшүндүрөт.

Жаңы унаалар ИИМдин кызматкерлеринин ыкчамдуулугун жогорулатып, кесиптик милдеттерин аткарууга жардам берет. Унаалардын көбү аймактардагы ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө бөлүнүп берилди. Алсак, Жалал-Абад ОИИБге-4, Чүй ОИИББге-4, Ысык-Көл ОИИБге-9, ИИМдин нөөмөт бөлүгүнө-1.

Андан сырткары, бүгүн ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси рейондун аймагындагы калкты тейлөө үчүн Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына милициянын көчмө кабылдамасы катары иштей турган “Газель” үлгүсүндөгү унааны тапшырды.

Белгилей кетсек, “Альянс Алтын” ААК Талас облусундагы Жерүй кенинде алтын өндүрөт. 2016-жылдан бери бул аймакты өнүктүрүү үчүн 900 млн сом бөлүп берген. Долбоорлордун көбү “Альянс Алтын” компаниясынын өнүктүрүү фонду тарабынан ишке ашырылат.

Связанный пост