Башкы прокурор Лейлек районунун тургундары менен жолугушууда

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, жарандардын көйгөйлөрү менен жеринде таанышуу жана чечүү максатында Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосуновдор Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун тургундары менен жолугушууда.
Жыйында, жергиликтүү тургундар коомчулукта орун алган мыйзамсыздыктар, социалдык көйгөйлөр, чечилбей жаткан жеке укуктук маселелери, түрдүү адилетсиздиктер, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан мүчүлүштүктөр тууралуу суроолорду беришти.
Башкы прокурор Курманкул Зулушев өз сөзүндө, эл менен болгон жолугушуулар Президенттин жеке көзөмөлүндө тургандыктан ар бир көтөрүлгөн маселе мыйзам чегинде объективдүү каралып, тийиштүү чечимдер кабыл алынаарын, арыздарды жеке өзү көзөмөлгө алып жаткандыгын билдирди.

Связанный пост