Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Загреб шаарында (Хорватия) өтө турган “ZAGREB OPEN” биринчи рейтингдик мелдешине катышат. Мелдеш 10-14-январь күндөрү өтөт. Курама команданын тизмеси: – 62 кг Айсулуу Тыныбекова; – 68 кг Нурзат Нуртаева; – 76 кг Айпери Медет кызы. Курама команда башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилиги астында мелдешке катышат. Эскерте […]Читать далее
Узап бараткан 2023-жылы кыргыз спортчулары ар кандай мелдештерден жалпы 812 медаль утту. Анын 258 алтын, 241 күмүш жана 313 коло болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жыл жыйынтыгын чыгарган маалыматта айтылат. Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, 2023-жылы Кыргызстандын аймагында 13 миң 475 адамдын катышуусу менен 285 республикалык спорттук-массалык иш-чара өттү. Ал эми 10 […]Читать далее
Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Бириккен күрөш дүйнөсүнүн версиясы боюнча 2023-жылдын эң доминант балбаны деп табылды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн социалдык тармактагы расмий баракчасына жарыяланды. Махмудов быйыл 11 беттеш өткөрүп, анын биринде да утулган эмес. Ал Азия жана Дүйнө чемпионаттарында, ошондой эле Азия оюндарында алтын медаль уткан. Махмудов беттештердин 55%ын мөөнөтүнөн мурда жеңген (упай боюнча же атаандашынын […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Күрөш дүйнөсү уюмунун (UWW) чечими менен 2023-жылдын мыкты балбаны аталды. Айсулуу Тыныбекова быйыл 22-сентябрда Белградда өткөн дүйнө чемпионатында үчүнчү ирет дүйнө чемпиону болуп, Париж Олимпиадасына жолдомо уткан. Апрель айында Астанада болгон Азия чемпионатында да алтын алып, кыз-келиндер күрөшү боюнча беш жолу Азия чемпиону аталган алгачкы […]Читать далее
8-9-декабрь күндөрү Бишкек шаарында өткөн футбол боюнча кезектеги “Мурас” достук турнири аяктады. Оюндардын жыйынтыгы боюнча “Президенттин командасы” командасы биринчи орунду ээледи. Мелдешке 16 команда катышты. Мамлекет башчысы турнирдин негизги максаты – сергек жашоо образын жайылтуу экенин айтты. Ал спорт ар бир адамдын жашоосунун бир бөлүгү болушу керектигин баса белгиледи. “Турнир барган сайын жакшырып жатканы кубандырат. […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын дзюдо боюнча өспүрүмдөр курама командасынын мүчөлөрү Ташкент шаарында (Өзбекстан) өтүп жаткан Азия чемпионатында 5 медаль (1 алтын, 1 күмүш, 3 коло) жеңди. Кыздар арасында 57 кг чейинки салмакта Жанар Жолдошева алтын медалга ээ болсо, +70 кг салмакта Акмаржан Турдажиева күмүш медаль тагынды. Балдар арасында 55 кг чейинки салмакта Адис Орозмаматов, 73 кг чейинки […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын каратэ боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Алматы шаарында (Казакстан) өтүп жаткан “Asian Cup” Эл аралык мелдешинде 6 медаль (1 алтын, 2 күмүш, 3 коло) жеңди. 75 кг чейинки салмакта Назым Нурланов алтын медалга ээ болсо, +68 кг чейинки салмакта Екатерина Руденко жана Мухамед Ильясов күмүш медаль тагынышты. +68 кг чейинки салмак ченинде Бекдөөлөт […]Читать далее
КР Президентинин Администрациясында 2023-жылкы Азиянын пара оюндарында жеңишке жеткен кыргызстандык
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин атынан Ханчжоу (Кытай Эл Республикасы) шаарында өткөн IV Азиянын пара оюндарына катышып жеңиш менен кайтып келген кыргызстандык спортчуларды куттуктады. Белгилей кетсек, Хусан кызы Хайитхон дзюдо боюнча алтын медаль, Жалалдин Абдувалиев жеңил атлетика боюнча күмүш, Жүзбаева Гүлназ жеңил атлетика боюнча коло […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын “Алыш” белбоо күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Эр-Рияд шаарында (Сауд Аравия) өтүп жаткан Бүткүл Дүйнөлүк оюндарда 5 медаль (3 алтын, 2 коло) жеңди. 90 кг чейинки салмак категориясында Азизхан Мусабек уулу, 70 кг чейинки салмакта Марлен Абдрасулов алтын медалга ээ болду. Ошондой эле 80 кг чейинки салмакта Элдияр Сексенбаев коло медаль […]Читать далее