Кыргызстандын Улуттук курамасы Катарда Сауд Арабиясынын курамасы менен беттешти

21-январда Кыргыз Республикасынын Улуттук курамасы Катарда өтүп жаткан футбол боюнча негизги континенталдык турнир – 2023- жылкы Азия Кубогунда Сауд Арабиясынын курамасы менен беттешти.
Улуттук кураманы колдоп сүрөөгө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов баштаган расмий делегация мүчөлөрү барды.
Турнирдин «F» тайпасынын экинчи турунун алкагында орун алган беттеш «Ахмад Бин Али» стадионунда өтүп, 2:0 эсебинде Сауд Арабия курама командасы жеңишке жетти.
Кыргыз Республикасынын Улуттук курама командасы Азия биринчилигинде өз тарыхында экинчи жолу ойноп жатат. Ага жалпысынан 24 Улуттук футбол курама командалары катышып, алар төрт командадан турган алты тайпага бөлүнгөн.
Тайпалык этаптын жыйынтыгы боюнча турнирдин плей-офф баскычына ар бир квартеттен эң мыкты эки команда, ошондой эле тайпада 3-орунду ээлегендердин ичинен эң мыкты 4 курама чыгат.
2-турдун жыйынтыгы боюнча Сауд Арабия курамасы турнирдин плей-офф баскычына жолдомо алды.
Кыргызстан курама командасынын плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Мелдештин тайпалык баскычында биздин команданын финалдык беттеши 25-январда Оман курамасы менен өтөт.
УТРК Спорт каналы Азия биринчилигинин бардык оюндарын Кыргыз Республикасынын аймагында түз эфир аркылуу көрсөтүп жатат.

Связанный пост