2023-жылы кыргызстандык спортчулар 527 медаль уткан

 2023-жылы кыргызстандык спортчулар 527 медаль уткан

Кыргызстандык спортчулар 2023-жылы эл аралык ири мелдештерде 527 медаль утушкан. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиясында министрдин орун басары Айбек Абдымомунов билдирди.

Ал белгилегендей, анын ичинен 185и алтын, 116сы күмүш жана 236сы коло медаль.

Белгилей кетсек, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында Маданият министрлигинин коллегиясы өтүп жатат, ага министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров төрагалык кылууда.

Связанный пост