20-ноябрда Катар мамлекетинде футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Алгачкы беттеш Эль-Хаур шаарында Катар жана Эквадор курамаларынын ортосунда өтүп, оюн түштүк америкалыктардын пайдасына 0:2 эсебинде аяктады. Мелдештин ачылыш аземине Египеттин президенти Абдел Фаттах ал-Сиси жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган сыяктуу бир катар мусулман өлкөлөрдүн лидерлери катышты. Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани өз […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэринин кубогуна арналган мелдеш 19-ноябрдан 11-декабрга чейин уланат. Ал мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, райондук администрациялардын жана Бишкек шаардык кеңешинин арасында өткөрүлөт. Мелдеш спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча өтөт: кичи-футбол, волейбол, стол тенниси, бильярд, шахмат, дартс, аркан тартыш. Бишкек шаарынын мэринин кубогуна катышуу үчүн 25тен ашык команда арыз берген. Кичи-футбол боюнча алдын ала оюндар 2022-жылдын 19-ноябрында […]Читать далее
17-ноябрда Ош шаарындагы А.Навои атындагы сейил багында алгачкы шахмат залынын ачылышы болду. Объекттин ачылышына мэр Алмаз Мамбетов катышып, бардык курактагы жарандарды шахматка тартууга ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Жаш шахматчылар, шахмат сүйүүчүлөр түзүлгөн ыңгайлуулук үчүн Ош шаарынын мэрине ыраазычылыктарын билдиришип, буга чейин шахмат сүйүүчүлөргө мындай шарттар болбогонун белгилешти. Шахмат залынын курулушуна көмөк көрсөткөн инвесторго да […]Читать далее
Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына медицина илимдеринин доктору, профессор Бейшен Турусбековдун ысымы ыйгарылып, тактасы салтанаттуу түрдө ачылды. Салтанатка Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Президенттин кеңешчиси Медетбек Букуев, билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу жана Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын профессордук-окутуучулук курамы, студенттер жана коноктор катышты. Коноктор Бейшен Турусбековдун […]Читать далее
2024-жылы Франциянын Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарынын талисманы жарыяланды. Олимпиада жана Паралимпиада оюндарынын уюштуруучулары мелдештин расмий талисманы катары байыркы фригиялыктар жана якобиндик революционерлер кийген фригия калпактарын тандашкан. Олимпиаданын негизги талисманы катары тандалган калпактар ак спорттук бут кийимчен, ал эми Паралимпиада оюндарыныкы бир буту протез экендиги көрсөтүлгөн. Уюштуруучулардын билдирүүсүнө караганда кызыл фригия калпагы Франция […]Читать далее
Кыргызстандык спортчулар самбо боюнча дүйнө чемпионатында 6 медаль утушту. Турнир 11-13-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында өттү. Эркектер жана аялдар арасында спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча 21 комплект медаль ойнотулуп. Кыргыз спортчулары 2 алтын, 1 күмүш жана 3 коло медалга ээ болушту. Маалымат үчүн: Самбо боюнча дүйнө чемпионаты Кыргызстанда биринчи жолу өттү.Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкек шаарында өтүп жаткан чоңдор арасындагы Самбо боюнча дүйнө чемпионатынын ачылыш аземине катышты. Ал белгилегендей, мелдешке дүйнөнүн 50дөн ашык өлкөсүнөн 500гө жакын спортчу катышат. «Самбо күрөштүн абдан кызыктуу жана динамикалуу өнүгүп жаткан түрү болуп саналат, ал биздин республикада да кеңири жайылган. Белгилей кетсек, самбо боюнча дүйнөлүк турнир биздин […]Читать далее
Бүгүн, 11-ноябрда Бишкек шаарында өтүп жаткан самбо боюнча Дүйнө чемпионатынын алкагында Эл аралык самбо федерациясынын президенти Василий Шестаковдун катышуусунда маалымат жыйын өттү. Жыйынга Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев, КРнын Самбо федерациясынын президенти Азиз Ибраев катышты. Василий Шестаков Дүйнө чемпионатынын Кыргызстанда өтүп жатышы, […]Читать далее
11-13-ноябрь күнү Бишкек шаарында өтө турган самбо боюнча Дүйнө чемипонатына катыша турган Кыргыз Республикасынын курама комадасынын тизмеси аныкталды. Спорттук самбо: 1. 58 кг-Жанбосунов Нургазы 2. 64 кг-Бараканов Белек 3. 71 кг-Уланбеков Феликс 4. 79 кг-Алиев Айдол 5. 88 кг-Асылбек уулу Жамалбек 6. 98 кг-Жолдошказиев Турарбек 7. +98кг-Токтогонов Бекболот Кыз-келиндер: 1. 50кг-Абдумалик кызы Самара 2. 54кг-Рыскулбекова […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын мас-рестлинг боюнча улуттук курама командасы Алмалык (Өзбекистан) облусунда өткөн Азия чемпионатында 21 медаль (9 алтын, 4 күмүш, 8 коло) жеңди. Белгилей кетсек, аталган мелдешке 3-6-ноябрь күндөрү өтүп 7 мамлекеттен 120 дан ашык спортчу катышты. Жеңүүчүлөрдүн тизмеси: Алтын медалдардын ээлери: 60 кг салмакта Чынгыз Саламатов, Байас Арстаналиев, 65 кг салмак даражада Адилет Имашов, 70 […]Читать далее