Бишкекте мэр кубогуна арналган мелдеш өтөт

Бишкек шаарынын мэринин кубогуна арналган мелдеш 19-ноябрдан 11-декабрга чейин уланат. Ал мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, райондук администрациялардын жана Бишкек шаардык кеңешинин арасында өткөрүлөт.
Мелдеш спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча өтөт: кичи-футбол, волейбол, стол тенниси, бильярд, шахмат, дартс, аркан тартыш.
Бишкек шаарынын мэринин кубогуна катышуу үчүн 25тен ашык команда арыз берген. Кичи-футбол боюнча алдын ала оюндар 2022-жылдын 19-ноябрында Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын манежинде башталат.
Волейбол боюнча алдын ала оюндар 2022-жылдын 20-декабрында №62 мектеп гимназиясынын спорт залында башталат. Спорттун калган түрлөрү боюнча мелдештер 2022-жылдын 3-декабрында башталат.

Связанный пост