Кыргызстандын фехтование боюнча курама командасы Дүйнө кубогунда 3-орунду ээледи

 Кыргызстандын фехтование боюнча курама командасы Дүйнө кубогунда 3-орунду ээледи
Кыргызстандын Фехтование боюнча юниорлор курама командасы 19-20-ноябрь күндөрү Ташкент шаарында өткөн Дүйнө кубогуда 4 коло медаль жеңди. Ошондой эле жалпы командалык эсепте 3-орунду ээледи.
Спортчулар алгач Монголия менен беттешип 45 : 37 упай менен жеңген. Ал эми экинчи беттешинде Өзбекстан менен беттешип 45-25 эсебинде жеңилген. Коло медаль үчүн беттеште Сауд Аравия менен беттешип, 45-36 эсебинде жеңишкен.
Курама команданын тизмеси:
1. Токтогулова Айпери МС;
2. Никитина Юлия МСМК;
3. Кенешова Акак МСМК;
4. Мамырова Алия КМС.
Белгилей кетсек, буга чейин курама команда юниорлор арасында дүйнөлүк рейтингде 50-орунда болсо, Дүйнө кубогунан кийин 23-орунга көтөрүлдү.

Связанный пост