Тай боксу боюнча курама команда Дүйнө чемпионатында жалпы 14 медаль жеңди

 Тай боксу боюнча курама команда Дүйнө чемпионатында жалпы 14 медаль жеңди
Тай боксу боюнча Кыргызстандын курама командасы 15-22-ноябрь күндөрү Таиландда өткөн Дүйнө чемпионатында жалпы 14 медаль (6 алтын, 5 күмүш, 3 коло) жеңди.
Кыз-келиндер арасында 48 кг салмак категорияда Фарида Абдуева, 57 кг салмакта Виктория Меликова жана эркектер арасында 60 кг салмакта Никита Цой, 63,5 кг салмак категорияда Али-Хан Эргешов Дүйнө чемпиону аталышты.
Ошондой эле 71 кг салмак категорияда Жаныбек Бейшебек уулу экинчи орунду ээледи.
Мындан сырткары спорт сүйүүчүлөр арасында 63,5 кг салмакта Александр Кононенко, кадеттер арасында 63,5 кг салмакта Тимур Кутанов да Дүйнө чемпиону аталышты. Кадеттер арасында 42 кг салмак категориясында Айдар Каныбеков, 57 кг салмакта Данияр Омурбеков, чоңдор арасында Александр Вавилов, кыз-келиндер арасында 70 кг салмакта Анжелика Акылбек кызы күмүш медалдын ээлери болушту.
51 кг салмакта Дмитрий Макаров, 57 кг салмак катергориясында Альберт Бактыбеков жана 54 кг салмакта ИльясАбдулин коло медаль тагынышты.
Белгилей кетсек, спортчулар башкы машыктыруучу Сыргак Айталиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышышты.

Связанный пост