Жалал-Абадда Азия чемпионатындагы коло байгесинин ээсин тосуп алышты

 Жалал-Абадда Азия чемпионатындагы коло байгесинин ээсин тосуп алышты
Бүгүн 22-ноябрда Жалал-Абадда кол урушу (рукопашный бой) боюнча Азия чемпионатында 100 кг салмактан жогору салмакта 3-орунду ээлеген ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкери, милициянын старшинасы Бектур Идирисовду тосуп алуу иш-чарасы өттү.
Бектур Идирисов буга чейин 2019-жылы күжүрмөн самбо боюнча Азия чемпиону болгон. Ошондой эле күжүрмөн самбо боюнча дүйнө биринчилигинин күмүш жана коло, Азия биринчилигинин коло байгесинини ээси.
Кол урушу (рукопашный бой) боюнча Азия чемпионаты 9-13-ноябрь күндөрү Орусиянын Казань шаарында болуп өткөн. Ага 10дон ашуун өлкөнүн спортчулары катышкан.

Связанный пост