Андрей Курнявканын бейгесине арналган бокс боюнча Кыргызстандын кубогу старт алды

 Андрей Курнявканын бейгесине арналган бокс боюнча Кыргызстандын кубогу старт алды
Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда СССРдин бокс боюнча Дүйнө чемпиону, кыргызстандык мушкер Андрей Курнявканын байгесине арналган Кыргызстандын кубогу старт алды. Аталган мелдеш өспүрүмдөр (2008-2009 ж.т.) арасында өтүүдө.
Кубоктун ачылуу аземине Дене тарбия спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев, Кыргызстандын бокс федерациясынын президенти Умбеталы Кыдыралиев, бокс боюнча дүйнөнүн 7 жолку чемпиону, СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери Орзубек Назаров жана Андрей Курнявка өзү катышты.
Ошондой эле бокс боюнча эмгек сиңирген спорт чебери, Орусиянын үч жолку чемпиону (1996, 1997, 1998) жана 2001-жылдагы дүйнөнүн чемпиону Андрей Гоголев, 1996-жылдагы Жайкы Олимпиаданын коло медалынын жана 2000-жылкы Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Раимкул Малахбеков, 2004-жылы Грецияда өткөн Олимпиаданын коло медалынын ээси Фуад Асланов атайын конок катары чакырылган.
Белгилей кетсек, мелдештин катышуучулары 33, 35, 37, 40, 43, 46, 49, 52, 55, 58, 61, 64, 67, 70, +70 кг салмак категорияларында күч сынашат. Кыргызстан кубогу 27-ноябрга чейин уланат.

Связанный пост