Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери жана келечеги талкууланды. Мындан тышкары, өлкө лидерлери регионалдык кызматташуу темасына да токтолушту. Мамлекет башчылары эки мамлекеттин жана эки элдин ортосундагы ынак коңшулаштыкты жана боордоштукту чыңдоого багытталган активдүү саясий […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров элчи, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэрди анын өлкөдөгү дипломатиялык миссиясы аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Мамлекет башчысы элчини жылуу кабыл алып, акыркы 30 жыл ичинде Европа Биримдиги Кыргызстандын негизги ишенимдүү өнөктөштөрүнүн бири болуп саналарын белгиледи. «Азыркы глобалдык өзгөрүүлөрдүн мезгилинде биз дүйнөнүн жарык келечеги үчүн […]Читать далее
“Кыргыз почтасы” ААК Кыргыз Республикасынын 2021-жылдагы жана 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына арналган “Эл кызматында 500 күн” аталышындагы гезиттин атайын чыгарылышын аймактарга таркатууга киришти. Гезит жалпысынан 500 миң нускада “Учкун” ААК басмаканасында басылып чыкты (400 миңи мамлекеттик, 100 миңи расмий тилде). Атайын чыгарылыш үч республикалык гезит – “Эркин-Тоо”, “Кыргыз-Туусу” жана “Слово Кыргызстана” тарабынан […]Читать далее
Улуттук экономиканын стратегиялык секторлору боюнча конкреттүү артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду даректүү мамлекеттик колдоого алууну күчөтүү зарыл. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңешинин биринчи жыйынында билдирди. «Артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду аныктоо азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыздоого, экспортту колдоого, сырьелук базаны кеңейтүүгө, туризмге, жашыл технологияларга, креативдүү экономикага жана импортту алмаштырууга […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-июлда, ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссары Кайрат Абдрахмановду кабыл алды. Жолугушууда ЕККУнун ишмердүүлүгүнүн алкагында этностор аралык мамилелердин жана кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы Кайрат Абдрахмановду ЕККУ системасындагы жогорку жана жооптуу эл аралык кызматка шайланышы менен куттуктады. Садыр Жапаров белгилегендей, Кыргызстанда көп улуттуу элдин ынтымагын жана биримдигин чыңдоо, […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган Кыргызстандын делегациясы Россияга жумушчу сапары менен барды. Иш сапардын алкагында Акылбек Жапаров жана делегация мүчөлөрү «Сбербанк России» ачык акционердик коомунун иши менен таанышты. Делегация Москва шаарындагы Кутузовский проспектинде жайгашкан каржы мекемесинин жаңы штаб-квартирасын көрүп чыгып, Сколководогу СберУниверситетке, Хорошколага, Киберкоопсуздук борборуна жана Дата-борборуна барды. Жолугушуулардын жүрүшүндө Сбербанктын өкүлдөрү конокторго өздөрүнүн […]Читать далее
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ташкент шаарында өтчү Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыйын үстүбүздөгү жылдын 29-июлунда өтөт. Жыйында ШКУнун Самарканд саммитинин (ушул жылдын 15-16-сентябры) даярдоо, анын күн тартиби, уюмдун алкагында кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү боюнча мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулоо, […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-июлда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Түрк тилдүү мамлекеттердин атайын кызматтарынын 24-конференциясынын (ТҮРКОН) делегация башчыларын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Улуттук коопсуздук кызматтарынын жетекчилери менен учурашып, мамлекет башчысы терең тарыхый байланыштар, көп кылымдык ынак коңшулаштык тажрыйбасы жана өлкөлөр менен элдердин жемиштүү кызматташуусу ТҮРКОНдун алкагында өз ара аракеттенүүнү […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ЕККУнун улуттук азчылыктар иштери боюнча Жогорку комиссары Кайрат Абдрахманов менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Эдил Байсалов өз сөзүндө улуттар аралык ынтымакты чыңдоо өкмөттүн артыкчылыктуу багыттарынын бири катары караларын баса белгиледи. Жаңы конституциялык түзүмдүн алкагында мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолуп, […]Читать далее
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы “Рух Ордо” маданий борборунда Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусунун алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовго, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге расмий сый тамак уюштурулду. Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, сыйлуу меймандар үчүн концерттик программа сунушталды. Мамлекет башчыларына “Достук салтанаты” […]Читать далее