Кыргызстанга Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келди

 Кыргызстанга Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келди

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан сыйлуу конокту министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Эске салсак, 2022-жылдын 25-26-августунда Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт, анда интеграциялык биримдик алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралат.

Связанный пост