Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргыз Республикасына иш сапары менен келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Жогорку даражалуу мейманды «Манас» эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды. Жумушчу сапарынын алкагында Өзбекстандын премьер-министри Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча биргелешкен […]Читать далее
Умбриэль Темиралиев президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. “Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциясынын 71-беренесине ылайык, Темиралиев Умбриэль Темиралиевич президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды”, – деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, аталган агенттиктин буга чейинки жетекчиси Равшанбек Сабиров өз каалоосу […]Читать далее
Равшанбек Сабиров Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчилигинен бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 71-беренесинин негизинде, Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров өз каалоосу боюнча ээлеген кызматынан бошотулду.Читать далее
КР УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары эмнелерди макулдашкандыгы тууралуу маалымат берди. Билдирүүдө айтылгандай, 25-сентябрда “Кызыл-Бел-автожол” өткөрүү пунктунда Кыргызстан менен Тажикстандын компетенттүү органдарынын, Баткен облусунун (КР) жана Согди облусунун (РТ) башчыларынын, тараптардын чек ара кызматтарынын жетекчилеринин жолугушуусу болуп өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары […]Читать далее
Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгына кыргыз делегациясынын катышуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгынын (ТКБ) башчысы Владимир Воронков менен жолугушту. Жолугушуунун башында министр Ж.Кулубаев БУУнун БКБ башчысы В.Воронковго кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал тууралуу маалымат берди. Ошондой эле, БУУ ТКБ менен өлкөдөгү […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров дары-дармек каражаттарын жүгүртүүгө байкоо жүргүзүү жана контролдоонун автоматташтырылган тутумун ишке киргизүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды жүгүртүүгө байкоо жүргүзүү жана контролдоонун автоматташтырылган системасы сунушталды. Министрлер Кабинетинин башчысы өлкөгө алынып келинген дары-дармектерди эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун ишке киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. «Система виртуалдык кампаны көрсөтүшү […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Анын ичинен 1790 адамды (анын ичинен 1433ү чоңдор, 357си балдар) Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө беш Жарлык бар, алардын көбүн тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар түзөт. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө Президенттин бир Жарлыгы […]Читать далее
22-сентябрда Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Финляндия Республикасынын Тышкы иштер министри Пекка Хаависто менен жолугушту. Өлкөлөрдүн тышкы иштер министрликтеринин башчылары эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты, өзгөчө соода-экономикалык байланыштарды, ошондой эле маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү чыңдоого басым жасалды. Тараптар кыргыз-финляндиялык […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигине чакан маек куруп, анда БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарында сүйлөгөн сөзү, чек ара маселесине байланыштуу суроолорго жооп берди. — Саламатсызбы урматтуу Садыр Нургожоевич! — Алгачкы эле суроом БУУдагы сөзүңүзгө байланыштуу. Жогорку трибунада сүйлөгөн сөзүңүз коомчулук тарабынан аябай жылуу кабыл алынды. Тажик тарапты ачык эле агрессор деп […]Читать далее
Кыргызстан жана Словениянын тышкы иштер министрлери экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашууга
22-сентябрда Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Словениянын Тышкы иштер министри Таня Файон менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү жигерлентүү зарылдыгын белгилешти. Жолугушууда Кыргыз Республикасынын жана Словениянын Тышкы иштер министрлери ошондой эле Кыргыз […]Читать далее