Садыр Жапаров Владимир Путинди телефон аркылуу мааракеси менен куттуктады

 Садыр Жапаров Владимир Путинди телефон аркылуу мааракеси менен куттуктады

 

Бүгүн, 7-октябрда, президент Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

 

Өлкө лидерлери кыргыз-орус эки жана көп тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, өлкөлөрдүн интеграциялык бирикмелердин алкагындагы өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты.

 

Садыр Жапаров Владимир Путинди 70 жылдык мааракеси менен жылуу куттуктап, ага чың ден соолук, бакубатчылык жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалады.

 

Өз кезегинде Россиянын президенти Владимир Путин президент Садыр Жапаровго куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптардын түбөлүк союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духундагы эки тараптуу мамилелерди сапаттык жаңы деңгээлге чыгарууга даярдыгы белгиленди.

 

Өлкө лидерлери өз ара байланышты туруктуу негизде колдоону шартташышты.

Связанный пост