Төрөбаев Лейлекке мунайды кайра иштетүүчү завод куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады

 Төрөбаев Лейлекке мунайды кайра иштетүүчү завод куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттик үлүш катышкан акционердик коомдордун жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө Бакыт Төрөбаев Баткен облусундагы административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары белгилегендей, жакында Тажикстан тарабынан болгон куралдуу агрессиянын натыйжасында талкаланган инфраструктуралык потенциалды калыбына келтирүү үчүн бардык күч-аракетти, анын ичинде өлкөнүн өнөр жай жана өндүрүш тармагынын аракетин бириктирүү зарыл.

«Мамлекеттик банктар жана өнүктүрүү фонддору жабыр тарткан аймактын бизнес чөйрөсүн калыбына келтирүүгө активдүү катышууга даяр экендигин көрсөтүп, Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү долбоорлорду каржылоону баштады», – деди ал.

Анын айтымында, облустун аталган аймактарын калыбына келтирүү боюнча башка артыкчылыктуу чаралар катары, чек ара аймагында жашаган калктын кирешесин жогорулатууга жана жумуш орундарын түзүүгө багытталган өндүрүштү тез арада ишке киргизүү максатында бир катар өнөр жай ишканаларын куруу каралууда.

«Приоритеттүү багыттар катары цемент, айнек өндүрүү жана бентонит чопосун кайра иштетүү линияларын ишке киргизүү саналат. Мамлекеттин саясаты калктын сыртка кетпей, үйүндө, Баткен облусунда иштөөсүнө багытталган», – деди ал жана Баткен облусунун Лейлек районуна мунайды кайра иштетүүчү завод куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Жыйында облуста өндүрүш ишканаларын ишке киргизүүгө байланыштуу ушундай мүнөздөгү сунуштар «Кыргызалтын», «Кыргызсуудолбоор», «Кыргызкөмүр» акционердик коомдорунун жетекчилери тарабынан айтылды.

Эске салсак, дагы бир документтин – «2030-жылга чейинки миграциялык саясат концепциясынын» алкагында облуста жумуш орундарын жана жагымдуу өндүрүштүк чөйрөнү түзүү аркылуу эмгек миграциясынын трендин кеңейтүү милдети да коюлган.

Связанный пост