Садыр Жапаров Астана шаарындагы жогорку деңгээлдеги иш-чараларга катышат

 Садыр Жапаров Астана шаарындагы жогорку деңгээлдеги иш-чараларга катышат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 12-14-октябрда Астана шаарындагы (Казакстан Республикасы) (Астана ш.) бир катар жогорку деңгээлдеги иш-чараларга катышат.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Сапардын алкагында 13-октябрда Мамлекет башчысы Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин 6-саммитине катышат.

Андан соң, 14-октябрда ал Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Ошол эле күнү Президент Садыр Жапаров “Борбор Азия – Россия” форматындагы 1-саммитке катышат.

Астана шаарындагы эл аралык иш-чаралардын алкагында өлкө лидерлери Азия регионундагы коопсуздук жаатында кызматташуу, КМШ алкагында соода-инвестициялык өнөктөштүк, “Борбор Азия – Россия” форматында өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашат”, – деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Связанный пост