Жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти

 Жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти
7-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Жарлыктары менен дайындалышкан жергиликтүү соттордун судьялары салтанаттуу түрдө ант беришти.
Мамлекет башчынын аталган судьялар боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө Жарлыктары кабыл алынып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:
– Нарын облусу
Ат-Башы райондук соту
Шерипов Улан Турганбекович (курагынын чегине жеткенге чейин);
– Ысык-Көл облусу:
Тоң райондук соту
Талантбекова Аида Талантбековна (5 жылдык мөөнөткө);
Балыкчы шаардык соту
Ысаков Элдияр Пазылович(5 жылдык мөөнөткө);
– Талас облусу
Кара-Буура райондук соту:
Асанова Элмира Орозобековна (5 жылдык мөөнөткө);
Асилова Индира Ашимжановна (5 жылдык мөөнөткө);
– Бишкек шаары
Ленин райондук соту:
Алиев Авчи Мустафаевич (курагынын чегине жеткенге чейин);
Осмонов Баимбек Абдилакович (курагынын чегине жеткенге чейин).
«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын дайындалган судьяларынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусу ант берген күндөн тартып башталарын белгилейбиз.

Связанный пост