Акылбек Жапаров мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча эл аралык конференцияга катышты

 Акылбек Жапаров мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча эл аралык конференцияга катышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча эл аралык конференцияга катышты.

Акылбек Жапаров белгилегендей, бул иш-чараны өткөрүү демилгеси Министрлер Кабинетинин инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча масштабдуу реформаларды жүргүзүүдө колдоо көрсөтүүнүн бир бөлүгү болуп саналат, ошондой эле ал эл аралык конференцияны өткөрүүгө колдоо көрсөткөндүгү үчүн Азия өнүктүрүү банкына, ошондой эле өнүктүрүү боюнча башка өнөктөштөргө мамлекеттик жеке өнөктөштүк үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча чаралардын жыйындысын ишке ашырууда жигердүү иш-аракеттери үчүн ыраазычылык билдирди.

«Экономикалык кырдаал тездик менен өзгөрүп жаткан заманбап чакырыктардын жана глобалдык процесстердин шартында, бийлик органдарынын, бизнестин жана эксперттик коомчулуктун күч-аракетин бириктирүү өзгөчө мааниге ээ болууда. Негизгиси, бул жарандарыбыздын жашоосун жакшыртуу максатында инфраструктуралык жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жаңы чечимдерди ыкчам ишке киргизүүгө мүмкүндүк берет. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк – бул коомдук инфраструктураны түзүүнүн жана олуттуу модернизациялоонун натыйжалуу ыкмасы болуп саналат. Ал дүйнө жүзү боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү сапаттуу жана натыйжалуу аткарууга жана инфраструктуралык объектилерди жакшыртууга, анын ичинде мамлекеттик бюджеттин жүгүн азайтууга жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу кайра бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берүүчү альтернативдик ыкма катары таанылды», – деди ал.

Министрлер Кабинетинин башчысы республика ар бир каалаган адам бардык багыттар боюнча кызматташуу үчүн өнөктөштөрдү таба ала турган жана бардык амбициялуу долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыра ала турган мүмкүнчүлүктөр аралына айланышы керектигин белгиледи.

Анын айтымында, ар кандай эл аралык рейтингдердеги Кыргыз Республикасынын бүгүнкү көрсөткүчтөрү реформаларды ишке ашыруудагы негизги көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат. Бүгүнкү күндө өлкө «The Economist Intelligence Unit» көз карандысыз компаниясынын маалыматы боюнча, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн жаңыдан өнүккөн баскычынан өнүккөн стадиясына өтүү менен 69 өлкөнүн ичинен 22-орунда турат.

Өкмөт башчы кошумчалагандай, «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун санынын тез өсүшүнүн негизги фактору болуп калды.

«Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун жигердүү аракеттеринин аркасында, 2021-жылдан бери сандык портфель 1 млрд АКШ долларынан ашык суммадагы жеке инвестициялардын камтылышын эске алуу менен 56 долбоорго чейин байкаларлык көбөйдү. Жалпы суммасы 300,0 млн АКШ долларынан ашык 13 жаңы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча келишимдерге кол коюлду, 50,0 млн АКШ долларынан кем эмес суммадагы 5 долбоор конкурс стадиясында, ал эми 36 мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча долбоор даярдалууда. Долбоорлорду долбоорго чейинки сапаттуу даярдоо максатында Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо фонду күчөтүлүп, кайрадан түзүлөт», – деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын экономикалык жана социалдык инфраструктурасын модернизациялоого жеке инвестицияларды мындан ары концентрациялоо максатында 2026-жылга чейин Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасы кабыл алынган, анын алкагында энергетика, саламаттыкты сактоо, жол-транспорт тармагында 100 млрд сомдон ашуун суммага мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн 50 ири долбоорлорун ишке ашыруу жана ишке киргизүү боюнча милдеттер коюлган, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарында чакан пилоттук долбоорлор – бала бакчалар, спорт залдар, логистикалык борборлор даярдалып, ишке киргизилмекчи.

Связанный пост