Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-октябрда, иш сапары менен Астана шаарына (Казакстан Республикасы) келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Мамлекет башчысынын учагы Нурсултан Назарбаев атындагы эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов тосуп алды. Сапардын алкагында ал Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммитине, Көз […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук кызматына Иштамберди кенинде жайгашкан «Full Gold Mining» компаниясынын алтын кен щахтасындагы көмүр кычкыл газы менен уулануунун себептерин талдап чыгууну тапшырды. Окуянын келип чыгуу себептерин тыкыр иликтеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Жаратылыш ресурстары, экология жана […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-октябрда, иш сапары менен Астана шаарына (Казакстан Республикасы) учуп кетти. Мамлекет башчысы Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммитине, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына жана “Борбор Азия + Россия” мамлекет башчыларынын саммитине катышат. Бул жогорку деңгээлдеги эл аралык иш-чаралар […]Читать далее
Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин Кыргыз Республикасына 11-12-октябрда болгон мамлекеттик сапары аяктады. Сапардын алкагында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Андан соң, Кыргызстан менен Азербайжандын лидерлери тар жана кеңейтилген курамда эки өлкөнүн Мамлекеттер аралык кеңешинин биринчи отурумунда эки тараптуу жана көп тараптуу […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров менен Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев бүгүн, 12-октябрда, Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында уюштурулган этномаданий программа менен таанышты. Паркка келгенде өлкө лидерлерин 12 баатыр жана акындар тосуп алды. Кол өнөрчүлөр аллеясына өтүп, президенттер кыргыз элинин улуттук каада-салттары, кол өнөрчүлүк буюмдарын жасоочу усталардын устаканалары, улуттук […]Читать далее
Бүгүн, 12-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Улан Примов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары кызмат ордунан өз каалоосу менен кетти. Эске салсак, Улан Примов 2021-жылы No11 Алай бир мандаттуу шайлоо округу боюнча VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.Читать далее
2022-жылдын 13-октябрында саат 10:00дө Жыйындар залында Жогорку Кеңештин жыйыны өтөт. Күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн): 1. Ар кандай маселелер; 2. “2022-жылдын 24-мартында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Евразия экономикалык комиссиясынын жана Евразия экономикалык бирлигинин сотунун Россия Федерациясынын жарандары болуп саналган кызмат адамдарын жана кызматкерлерин пенсиялык камсыздоо бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо […]Читать далее
Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев Өзбекстандын ири компанияларынын бири “Агровер” картошка агроөнөр жай кластерине барды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, элчи компаниянын ишмердүүлүгү, өндүрүш процесси, эмгекти уюштуруу, картошканы кайра иштетүү боюнча сактоо шарттары жана ишке ашырылып жаткан долбоорлору менен таанышты. Сапардын жыйынтыгы боюнча компаниянын жетекчилиги менен жолугушуу болуп, […]Читать далее
Нью-Йорк шаарында Кыргызстан 2023-2025-жылдарга Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчө болуп шайланды. Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Кыргызстанды БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчөлүккө шайлоо боюнча тышкы саясий тапшырма президент Садыр Жапаровдун өзгөчө көзөмөлүндө болду. Ал БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын жүрүшүндө сөз сүйлөп, дүйнөлүк коомчулукту […]Читать далее
11-октябрда Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргыз-Азербайжан достук сейил багынын ачылышы болду. Сейил бактын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев катышты. Чогулгандар алдында сүйлөп жатып, Садыр Жапаров коноктор менен учурашып, бүгүнкү иш-чара – “Кыргызстан-Азербайжан” достук сейил багынын ачылышы эки өлкөнүн достук мамилелеринин жана […]Читать далее