Азербайжанджын президенти Ильхам Алиевдин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 11-октябрда, кыргыз-азербайжан биргелешкен кызматташтыгын чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын Мамлекеттер аралык кеңешинин биринчи отурумунун Чечимине кол коюшту. Мындан тышкары, төмөнкү документтерге кол коюлду: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Азербайжан […]Читать далее
«Кыргыз Республикасы эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет жана Азербайжанды ишенимдүү дос жана өнөктөш деп эсептейт», — деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда, Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы мамлекеттер аралык кеңештин биринчи отурумунда сөз сүйлөп жатып. Ал кыргыз-азербайжан кызматташтыгы ыкчам өнүгүп жатканын, эки өлкөнүн ортосунда эч кандай саясий карама-каршылыктар жок экенин […]Читать далее
Бүгүн, 11-октябрда, Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкөнүн ортосундагы Мамлекеттер аралык кеңештин биринчи отуруму болуп өттү. Жыйында сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Ильхам Алиев баштаган Азербайжан делегациясынын келишин кубаттап, Кыргызстан бул сапарга Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн логикалык уландысы катары өзгөчө маани берерин белгиледи. »Биздин алдыбызда […]Читать далее
Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев бүгүн, 11-октябрда, Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттер аралык кеңешинин биринчи жыйынын тар курамда өткөрүштү. Мамлекет башчылары кыргыз-азербайжан эки тараптуу кызматташтыгынын кеңири чөйрөсүн, аларды мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Садыр Жапаров бүгүнкү күндө эки тараптуу кызматташтык «стратегиялык өнөктөштүк» деңгээлине жеткенин канааттануу менен белгиледи. Ал эки […]Читать далее
Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы мамлекеттер аралык кеңештин биринчи жыйыны өтүүдө. Иш-чара Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өтүп жатат. Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Азербайжандын президенттери Садыр Жапаров жана Ильхам Алиев расмий жолугушуу, биргелешкен сүрөткө түшүү аземинен кийин эки өлкө ортосундагы мамлекеттер аралык кеңештин биринчи жыйынынын тар курамдагы отурумуна […]Читать далее
Бүгүн, 11-октябрда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында мрамор чатырдын астында Кыргызстандын жана Азербайжандын мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароол тизилип, килемдер төшөлдү. Мамлекет башчыларынын өз ара саламдашуусунан кийин Азербайжан менен Кыргызстандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Өлкө […]Читать далее
Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Ал 1916-жылкы каргашалуу окуялардын натыйжасында каза болгондордун эстелигине жана сталиндик репрессиянын курмандыктарынын эстелигине гүлчамбар коюп, ошондой эле кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине таазим этип, бейитине гүл койду. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, […]Читать далее
Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев бүгүн, 11-октябрда, Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келди. Азербайжандын Президентинин учагы “Манас” эл аралык аэропортуна конду. Аэропорттун флагштокторуна Кыргыз Республикасынын жана Азербайжан Республикасынын мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлүп, аны бойлото Ардак кароол тизилди. Жогорку даражалуу мейманды Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тосуп алды. Эки мамлекеттин башчысына концерттик программа тартууланды. Мамлекеттик […]Читать далее
Президенти Садыр Жапаров “2022-жылдын 14–17-сентябрында Баткен облусунда болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун Баткен районунун айрым калктуу конуштарын калыбына келтирүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Баткен облусунун Баткен районунун Капчыгай жана Достук калктуу конуштарын толук калыбына келтирүү, ошондой эле 2022-жылдын 14–17-сентябрында Баткен облусунда болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен жабыр тарткан, аталган калктуу […]Читать далее
Бүгүн, 11-октябрда Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары башталат. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдиргендей, биринчи күнү эки өлкөнүн лидерлеринин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү, Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы биринчи мамлекеттер аралык кеңештин жыйыны өтөт. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар биргелешкен документтер кабыл алынып, Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев прессага билдирүү жасашат. Бул мамлекеттик сапардын алкагындагы […]Читать далее