Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев Ала-Арча жаратылыш паркында кыскача этномаданий программа менен таанышты

 Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев Ала-Арча жаратылыш паркында кыскача этномаданий программа менен таанышты

Президент Садыр Жапаров менен Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев бүгүн, 12-октябрда, Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында уюштурулган этномаданий программа менен таанышты.

Паркка келгенде өлкө лидерлерин 12 баатыр жана акындар тосуп алды.

Кол өнөрчүлөр аллеясына өтүп, президенттер кыргыз элинин улуттук каада-салттары, кол өнөрчүлүк буюмдарын жасоочу усталардын устаканалары, улуттук “шырдак” килемдери менен таанышты.

Ардактуу меймандар үчүн тамак-аштардан даам татуу, улуттук азык-түлүк көргөзмөсү жана «Аталар изи» кыргыз улуттук кийимдеринин коллекцияларынын көргөзмөсү уюштурулду.

Ошондой эле, мамлекет башчыларына бүркүтчүлөрдүн, жаачылардын жана тайганчылардын катышуусунда салттуу салбуурун аң уулоонун элементтери көрсөтүлдү.

Этномаданий программа Ч. Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук – этнографиялык ансамблинин аткаруусундагы элдик ырлар жана  музыка менен коштолду.

Связанный пост