Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага келди

 Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага келди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-октябрда, иш сапары менен Астана шаарына (Казакстан Республикасы) келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысынын учагы Нурсултан Назарбаев атындагы эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов тосуп алды.

Сапардын алкагында ал Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммитине, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына жана “Борбор Азия + Россия” Мамлекет башчыларынын саммитине катышат.

Связанный пост