Пара алуу фактысы боюнча билим берүү жана илим министри А.Б. (Алмазбек Бейшеналиев) кармалгандыгын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматта министр пара алуу фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында кармалдыгы айтылат. “Чет өлкөлүк студенттерди ата мекендик жогорку окуу жайларына кабыл алууда өзгөчө ири өлчөмдө (110 миң АКШ доллары) пара алуу фактысы иликтенүүдө”, – […]Читать далее
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов өлкөнүн медиа-айдыңында акыркы убакта орун алган тенденциялар тууралуу өзүнүн пикирин коомчулук менен бөлүштү. Мамлекеттик катчынын сөзү: “Ушу тапта кыргыз журтун күтүүсүз баскан капсалаң баарыбызды кейишке салып турат. Элибиз беш салаадай биригип, бир муштумга түйүлүп, жергебизди күтүүсүз баскан баскынчылардын сазайын берди, арам оюн таш каптырды. Тилекке каршы, каргашалуу Баткен коогалаңында 62 жаран […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесинин негизинде Иманбетов Илияз Жеңишович Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон тескемеге жана «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Илияз Иманбетов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын финансы министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулду.Читать далее
Бакыт Шаршеев Балыкчы шаарынын мэри кызматынан бошотулду, – деп билдирет президенттин басма сөз кызматы. “Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Конституциянын 71-беренесинин, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» КР мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри Шаршеев Бакыт Октябрович берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду”, – деп […]Читать далее
Алтынбек Сулайманов Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду
Алтынбек Сулайманов президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. “Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 71-беренесинин негизинде, Сулайманов Алтынбек Турдубаевич президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан берген арызына ылайык бошотулду”, – деп айтылат билдирүүдө.Читать далее
“Талас” соода-базар комплекси Талас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилди
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы “Талас” соода-базар комплекси мамлекеттик ишканасы жана жер тилкеси Талас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилди. Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды. Аталган чечим Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесине ылайык жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында кабыл […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров «Эмгек рыногу боюнча евразиялык диалог» эл аралык форумуна катышты. Министрлер Кабинетинин башчысы Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдигине төрагалыгы алкагындагы бул иш-чаранын маанилүүлүгүн жана өз учурунда өтүп жаткандыгын белгиледи. «Өлкөлөрдүн өкмөттөрү жаңы чакырыктарга дуушар болуп жаткан мезгилде өтүп жаткан мындай иш-чаралар калкты иш менен камсыз кылуу жана жумуш орундарын […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Мусаева Актилек Ишенгазыевна Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.Читать далее
Канайым Бактыгулова Кыргызстандын Кытайдагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. “Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Бактыгулова Канайым Джумадиловна Кыргызстандын Кытай Эл Республикасындагы элчиси, Пекин шаарындагы резиндециясы менен эки ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Монголиядагы элчиси кызматынан бошотулду”, – деп айтылат маалыматта. Читать далее