Кыргызстан 2023-2025-жылдары БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчөлүк кылат

 Кыргызстан 2023-2025-жылдары БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчөлүк кылат

Нью-Йорк шаарында Кыргызстан 2023-2025-жылдарга Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчө болуп шайланды. Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргызстанды БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчөлүккө шайлоо боюнча тышкы саясий тапшырма президент Садыр Жапаровдун өзгөчө көзөмөлүндө болду. Ал БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын жүрүшүндө сөз сүйлөп, дүйнөлүк коомчулукту бул маселеде Кыргызстанды колдоого чакырган. Мамлекет башчысынын бул демилгеси КРнын дипломатиялык кызматы тарабынан ийгиликтүү ишке ашырылды.

Азиялык топтун ичинен 2023-2025-жылдар үчүн БУУнун Адам укуктары боюнча комиссиясынын төрт оруну үчүн алты өлкө – Кыргызстан, Афганистан, Бангладеш, Вьетнам, Мальдив аралдары жана Корея күрөштү.

Связанный пост