Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы №17 „Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө“ Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жарлыкка кол койду. Жарлыктын максаты бирдиктүү мамлекеттик кадр саясатын ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу. Жарлыкка ылайык, Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалуучу кызмат орундарынын номенклатурасына кирген мамлекеттик органдардын жетекчилерин саясий кызмат орундарына которулду. […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн 21-ноябрда, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүү учурунда Президент Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевди болуп өткөн президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен куттуктап, анын жеңиши казак элинин колдоосу менен ишениминин маанилүү көрсөткүчү экенин белгиледи. Шайлоонун жыйынтыгы Касым-Жомарт Токаевдин жаңы мамлекетти курууга, экономикалык өсүштү камсыз кылууга жана казак элинин бакубаттуулугун жогорулатууга […]Читать далее
КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация 21-ноябрда Түркия Республикасына расмий иш сапары менен кетти. Сапардын алкагында Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөт. Белгилей кетсек делегациянын курамында Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, депутаттар Алишер Козуев, Акылбек Түмөнбаев, Улан […]Читать далее
Президенттин Администрациясынын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Алмаз Исанов Кыргызстанда биринчи гендердик облигациялардын сатыгын ишке киргизүү иш-чарасына катышты. «Бүгүнкү иш-чара биздин сөздөн ишке өткөнүбүздүн көрсөткүчү. Биз аялдар үчүн мыкты шарттарды түзүшүбүз керек. Бул изилдөөлөр менен тастыкталат. Мисалы, Японияда жарандардын узак өмүр сүрүшүнө гендердик экономика чоң таасир этээри далилденген. Биз коомдун баалуулуктарын өзгөртүшүбүз керек. Гендердик […]Читать далее
Өзбекстандын Самарканд шаарында Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жетектеген делегациясы Европа Биримдиги – Борбор Азия форматындагы министрлердин 18-жыйынына катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар коопсуздук, соода-экономикалык, инвестициялык, суу-энергетикалык өз ара аракеттенүү, айлана-чөйрөнү коргоо, билим берүү, илим жана инновациялар чөйрөсүндөгү аймактар аралык кызматташуунун кеңири спектри боюнча пикир алышты. Кыргыз тарап эркин соода, инвестиция, транспорттук-транзиттик инфраструктураны […]Читать далее
Финансы министрлигинин санариптик казыналык милдеттенмелерин чыгаруу жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобо бекитилди. Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Бюджеттик кодекстин 60-беренесине ылайык, Министрлер Кабинети Финансы министрлигинин санариптик казыналык милдеттенмелерин чыгаруу жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү чечимин кабыл алды. Санариптик казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобо Финансы министрлигинин санариптик казыналык […]Читать далее
Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 17-ноябрдагы жыйынында депутаттар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселесин карады. Жыйында “2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө Кыргызстандын министрлер кабинети менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору үч окуудан жактырылды. Эл өкүлдөрүнүн 65и “макул”, 18и “каршы” добушун берди.Читать далее
Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 17-ноябрдагы жыйынында депутаттар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселесин карады. Жыйында “Бишкек шаарында 2022-жылдын 3-ноябрында кол коюлган Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору дароо үч окуудан жактырылды. Депутаттардын 64ү “макул”, 19у “каршы” добушун берди.Читать далее
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев «Орто-Токой суу сактагычы Өзбекстанга өтүп кетти» деген маалыматтар жалган экенин айтты. «Орто-Токой суу сактагычы жайгашкан жер аянты жана компенсация катары алынган жер аянттары толугу менен Кыргызстандын карамагына калтырылып, жазылды. “Орто-Токой өтүп кетти” деген сөздөрдүн баары жалган. Өзүбүздө калды, биздин жер, биздин платинабыз”, — деди Ташиев. Орто-Токой суу […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-ноябрда, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселеси каралып жаткан Жогорку Кеңештин жыйынына катышууда. Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүн Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы көп жылдардан бери чечилбей келе жаткан чек ара маселесине чекит коюу керек болгон тарыхый күн экенин белгиледи. Буга байланыштуу Садыр Жапаров жалпы өлкө үчүн тарыхый жана жооптуу […]Читать далее