Кыргызстандын делегациясы Евробиримдик – Борбор Азия жыйынына катышты

 Кыргызстандын делегациясы Евробиримдик – Борбор Азия жыйынына катышты

Өзбекстандын Самарканд шаарында Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жетектеген делегациясы Европа Биримдиги – Борбор Азия форматындагы министрлердин 18-жыйынына катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар коопсуздук, соода-экономикалык, инвестициялык, суу-энергетикалык өз ара аракеттенүү, айлана-чөйрөнү коргоо, билим берүү, илим жана инновациялар чөйрөсүндөгү аймактар аралык кызматташуунун кеңири спектри боюнча пикир алышты.

Кыргыз тарап эркин соода, инвестиция, транспорттук-транзиттик инфраструктураны өнүктүрүү жана санариптештирүү Борбор Азиядагы өсүштүн кыймылдаткычы болушу керектигин белгиледи. Ошондой эле өлкөдөгү кичи жана орто бизнести өнүктүрүү жана андан ары колдоо, бизнес чөйрөсүн чыңдоо боюнча чаралар тууралуу маалымат берилди. 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкекте өткөн биринчи форумдан кийин Кыргызстандын ЕБ-БА Экономикалык форумун түзүү демилгесин Казакстан 2023-жылы улантышы айтылды.

Аймак өлкөлөрү менен Евробиримдик коопсуздук маселелерин, анын ичинде Ооганстандагы кырдаалды, чек араны жөнгө салуу, терроризмге, экстремизмге жана баңги аткезчилигине каршы күрөштү талкуулашты.

Дүйнөдөгү бир топ татаал жана чыңалган геосаясий кырдаалдын, Ооганстандагы туруксуздуктун жана дүйнөнүн ар кайсы бөлүктөрүндө чыңалуунун жаңы очокторунун шартында Кыргыз делегациясы бардык маселелерди саясий жана дипломатиялык жол менен чечүү зарылдыгын жана коопсуздук маселелери боюнча диалогду улантуунун жана пикир алмашуунун жогорку актуалдуулугун белгиледи.

 

Связанный пост