Кемпир-Абад боюнча келишимди Жогорку Кеңеш үч окууда кабыл алды

 Кемпир-Абад боюнча келишимди Жогорку Кеңеш үч окууда кабыл алды

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 17-ноябрдагы жыйынында депутаттар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселесин карады.

Жыйында “2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө Кыргызстандын министрлер кабинети менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору үч окуудан жактырылды.

Эл өкүлдөрүнүн 65и “макул”, 18и “каршы” добушун берди.

Связанный пост