Армениянын президенти Ваагн Хачатурян Ереван шаарына (Армения Республикасы) Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн келген өкмөт башчыларын кабыл алды. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууга үстүбүздөгү жылы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешине төрагалык кылган министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты. Жолугушуунун катышуучулары евразиялык мейкиндикте интеграциялык процесстерди мындан ары өнүктүрүү, кооперацияны чыңдоонун маанилүүлүгү маселелерин […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-октябрда, Нарын облусунун Куланак айылында Куланак ГЭСинин курулушунун башталышына “Мезгил кутусун” салып, курулушка старт берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет. Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүнкү окуя – Куланак гидроэлектр станциясынын пайдубалын түптөп, курулушун баштоо Нарын облусунун гана эмес, бүтүндөй Кыргызстандын экономикасына, энергетика тармагына пайда алып келе турганын баса […]Читать далее
Бүгүн, 20-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо маселеси каралды. Аталган кызмат ордуна депутат Бактыбек Чойбековдун талапкерлиги көрсөтүлдү. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Бактыбек Чойбеков Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланды.Читать далее
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагалыгына Улан Примов шайланды. Мындай чечим Жогорку Кеңештин 20-октябрындагы жыйынында кабыл алынды. Добуш берүү жабык өтүп, 70 эл өкүлү “макул” болсо, бирөө “каршы” чыкты. Жыйынтыгында тиешелүү токтом кабыл алынып, Примов комитет төрагасы болуп шайланды. Белгилей кетсек, буга чейин депутат Чыңгыз Айдарбеков Жогорку Кеңештин Эл аралык […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-октябрда, президенттин администрациясынын имаратында Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын чек арага чектеш айылдарынын тургундары, өлкөнүн активдүү жарандары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы чек ара маселелерине, ошондой эле Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу кеңири маалымат берилди. Мындан тышкары, чогулгандар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Ереван шаарында (Армения Республикасы) жумушчу сапары менен жүрөт. Сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышат. Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны алкагында 20дан ашык маселе каралмакчы.Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-октябрда, Бишкек шаарында өтүп жаткан «АгроТехЭкспо-2022» айыл чарба техникасынын көргөзмөсүнө жана «Алтын күз» жарманкесине барды. Мамлекет башчысы «АгроТехЭкспо-2022» көргөзмөсүнө коюлган айыл чарба техникалары, ошондой эле мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү жана кайра иштетүү тармагындагы жетишкендиктер менен таанышты. Мындан тышкары, Садыр Жапаров «Алтын күз» жарманкесинде өлкөнүн аймактарында өндүрүлгөн айыл чарба продукциялары менен таанышты. […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-октябрда, Кыргызстандын агроөнөр жай тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы жана Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгы менен куттуктады. Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамына жана Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйында сүйлөгөн сөзүндө Мамлекет башчысы төмөнкүлөрдү белгиледи: “Урматтуу Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай кызматкерлери! […]Читать далее
Кыргызстандын “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасы менен Индиянын RAIL VIKAS NIGAM LIMITED компаниясы темир жол инфраструктурасы боюнча кызматташуу жөнүндөгү меморандумга кол коюшту. Меморандумга “Кыргыз темир жолу” ишканасынын башкы директору Сакиев Азамат Абдукаримович жана RAIL VIKAS NIGAM LIMITED компаниясынын директору Винай Сингх кол койду. “Меморандумда темир жол куруу, линияларды электрлештирүү, ошондой эле тараптардын өз […]Читать далее
Баткен облусунда кызмат өтөгөн аскерлердин айлык акысы эки эсеге жогорулатылды, ал эми аймакта кызмат өтөөнүн 1 жылы 2 жыл катары эсептелинет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сүйлөгөн сөзүндө билдирди. «Баткен окуялары ар бир кыргызстандыктын жүрөгүнөн өттү. Президент аймактагы кырдаалга көз салып турду, кийинчирээк БУУ трибунасынан Тажикстан Республикасы тараптан куралдуу […]Читать далее