Бактыбек Чойбеков Транспорт жана курулуш боюнча комитеттин төрагасынын орун басарлыгына шайланды

 Бактыбек Чойбеков Транспорт жана курулуш боюнча комитеттин төрагасынын орун басарлыгына шайланды

Бүгүн, 20-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо маселеси каралды. Аталган кызмат ордуна депутат Бактыбек Чойбековдун талапкерлиги көрсөтүлдү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында Бактыбек Чойбеков Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланды.

Связанный пост