Акылбек Жапаров: Баткен облусунда кызмат өтөгөн аскерлердин 1 жылы 2 жыл катары эсептелет

 Акылбек Жапаров: Баткен облусунда кызмат өтөгөн аскерлердин 1 жылы 2 жыл катары эсептелет

Баткен облусунда кызмат өтөгөн аскерлердин айлык акысы эки эсеге жогорулатылды, ал эми аймакта кызмат өтөөнүн 1 жылы 2 жыл катары эсептелинет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

«Баткен окуялары ар бир кыргызстандыктын жүрөгүнөн өттү. Президент аймактагы кырдаалга көз салып турду, кийинчирээк БУУ трибунасынан Тажикстан Республикасы тараптан куралдуу агрессия болгондугу тууралуу дүйнөлүк коомчулукка кеңири маалымат берди. Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу кагылыштардын натыйжасында жабыркаган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүлдү. Бул комиссиянын биринчи отурумун мен өзүм жеринде өткөрдүм. Жабыркагандарга жардам көрсөтүү жана талкаланган обьектилерди калыбына келтирүү иштери уланууда», – деди Акылбек Жапаров.

Анын айтымында, окуянын алгачкы күндөрүндө эле Баткен облусуна керектүү күчтөрдү жана каражаттарды: курал-жарактарды, ок-дарыларды, техникаларды, өздүк курамды, күйүүчү майларды, дары-дармектерди, азык-түлүктөрдү жеткирүү уюштурулган.

«136 миңден ашуун жарандарыбыз үйлөрүн убактылуу таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Алардын көпчүлүгү жеке унааларын пайдаланышты. Калган айыл тургундарын эвакуациялоо үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бензин жана унаалар даярдалган. Ошол маалда авиакомпаниялар каттамдардын санын көбөйтүп, элди ташууга жардам берди. Гуманитардык жардамды чогултууга катышкан карапайым жарандар да чоң көмөк көрсөтүштү. Мен алардын бардыгына көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдиргим келет», — деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Связанный пост