Президент Ош, Баткен, Жалал-Абаддын чек арага чектеш райондорунун тургундары менен жолукту

 Президент Ош, Баткен, Жалал-Абаддын чек арага чектеш райондорунун тургундары менен жолукту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-октябрда, президенттин администрациясынын имаратында Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын чек арага чектеш айылдарынын тургундары, өлкөнүн активдүү жарандары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы чек ара маселелерине, ошондой эле Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу кеңири маалымат берилди.

Мындан тышкары, чогулгандар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип жана аларга толук кандуу жоопторду алышты.

Связанный пост