Кыргызстан менен Индия темир жол жаатында кызматташуу меморандумуна кол койду

 Кыргызстан менен Индия темир жол жаатында кызматташуу меморандумуна кол койду

 Кыргызстандын “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасы менен Индиянын RAIL VIKAS NIGAM LIMITED компаниясы темир жол инфраструктурасы боюнча кызматташуу жөнүндөгү меморандумга кол коюшту.

Меморандумга “Кыргыз темир жолу” ишканасынын башкы директору Сакиев Азамат Абдукаримович жана RAIL VIKAS NIGAM LIMITED компаниясынын директору Винай Сингх кол койду.

“Меморандумда темир жол куруу, линияларды электрлештирүү, ошондой эле тараптардын өз ара пайдалуу өнөктөштүгүн чыңдоо жаатында кызматташуу каралган”, – деп айтылат маалыматта.

Жыйынтыгында тараптар аткарылып жаткан иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча биргелешкен сунуштарды ишке ашырууга үмүттөнөөрүн билдиришти.

Связанный пост