Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын 14 айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктады. 14 айылдык кеңеште мандаттардын жалпы саны – 254, анын ичинде шайлоо округдарында аялдар үчүн 97 мандат резервге калтырылган. 14 айылдык кеңешке бардыгы 493 талапкер көрсөтүлгөн, анын ичинде – 174 аял-талапкер. 470 талапкер катталды, анын ичинде 164 аял-талапкер бар. Айылдык кеңештерге […]Читать далее
“Майыптуулугу бар балдардын арасында өнөрлүү, эрки күчтүү балдар арбын. Биз алардын ден соолугуна кам көрүү аркылуу өзгөчө өнөрүн жана талантын колдошубуз керек”, – деп Президент Садыр Жапаров бүгүн 29-декабрда, Бишкек шаарындагы “Келечек” балдардын жаңы реабилитациялык борборунун ачылыш аземинде белгиледи. Мамлекет башчысы өз сөзүндө мындай деп белгиледи: “Урматтуу шаарлыктар, кымбаттуу мекендештер! Бириккен Улуттар Уюмунун Майыптардын укуктары […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда, Бишкек шаарында бир катар объектилерди ачат. Мамлекет башчысы «Келечек» балдар реабилитациялык борборунун ачылыш аземине катышат. Борбор ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоого арналган. Ошондой эле, Президент – Куралдуу күчтөрдүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаров ИИМдин Ички аскерлеринин жаңы заманбап казармасын ачат. Иш-чаралар УТРК, республикалык, облустук телеканалдарда жана социалдык тармактардагы баракчаларда түз […]Читать далее
“Мамлекеттин эң жогорку сыйлыгына татыган бүгүнкү кыргыз элинин атуулдары – Сиздер жамы журттун, жалпы Кыргызстандын ишенимдүү таянычысыңар!” – деп КР Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда, кыргызстандыктарга —ар кыл тармактын өкүлдөрүнө өзгөчө эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлыктарын тапшыруу салтанаттуу аземинде белгиледи. Мамлекет башчысы өз сөзүндө мындай деп белгиледи: “Урматтуу мекендештер! Эмгеги сиңип, эл сыймыгына татыган кадырлуу замандаштар! […]Читать далее
Өтүп бара жаткан жылдын эң маанилүү жетишкендиги катары Кумтөр кенинин Кыргыз Республикасынын элине кайтарылышы саналат. Мындан ары «Кумтөр» Кыргыз элине таандык деп сыймыктануу менен айта алабыз, анткени бул экономикалык гана жетишкендик эмес, өлкөнүн жаңы тарыхын эки доорго бөлгөн окуя. Бул туурасында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров 2022-жылдагы мамлекеттик органдардын ишинин негизги жыйынтыктары каралып жаткан […]Читать далее
Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда бүгүн, 29-декабрда, өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарга — ар кыл тармактын өкүлдөрүнө өзгөчө эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын тапшыруу салтанаттуу аземи болот. Иш-чара УТРК, республикалык, облустук телеканалдардын жана социалдык баракчалардын түз эфиринде чагылдырылат. Иш-чараны көрсөтүү саат 10:00дө башталат.Читать далее
Бүгүн, 28-декабрда Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн Министрлер Кабинетинин жыйынында «Эң мыкты айыл өкмөтү» наамы боюнча жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды. Жеңүүчүлөрдүн биринчи тобунун арасында өлкөнүн жетүүгө кыйын жана алыскы аймактарында жайгашкан төмөнкү айыл өкмөттөр бар: — 1 500 000 сом байге фонду менен I орун — Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтү; […]Читать далее
“Биздин дин кызматынын өкүлдөрү ысырапкорчулукка каршы күрөшүү боюнча жакшы кызматташып жатышат. Бирок ошол эле учурда айрым аткаминерлер өздөрү элге үлгү болгондун ордуна, ашыкча чыгымдарды жасап келген фактылар бар. Бул маселеге дагы көңүлүңүздөрдү бургум келет. Элден “ысырапкорчулукту токтоткула” деп талап кылуудан мурун, чиновниктер карапайым калкка үлгү болушу керек”, – деп баса белгиледи президент.Читать далее
“Кыргыз жарандары кыргыз тилинде сүйлөй алгандай, жаза алгандай, ойлоно алгандай шарт түзүшүбүз керек. Биз өзүбүз кайдыгер мамиле кылсак, мамлекеттик тил эч качан өнүкпөйт”,- деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-декабрда министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында. “»Өнөр алды — кызыл тил« дейт элибизде. Мамлекеттин туруктуу өнүгүшү, улуттун улут болуп сакталып калышы үчүн Мамлекеттик тилдин өзгөчө орунду ээлери […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров министрликтердин жана ведомстволордун ишинине мониторингдин жана натыйжалуулугуна баа берүүнүн жыйынтыгын чыгарды. Министрлер Кабинетинин башчысы өлкөнүн башкы документи болгон – Улуттук программага сапаттуу жана толук ишке ашыруу үчүн министрликтердин жана ведомстволордун ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүүнүн жана баа берүүнүн так жана жөнөкөй системасы киргизилгендигин белгиледи. Анда ар […]Читать далее