Министрлер Кабинетинин башчысы 2022-жылдын негизги жетишкендигин белгиледи

 Министрлер Кабинетинин башчысы 2022-жылдын негизги жетишкендигин белгиледи

Өтүп бара жаткан жылдын эң маанилүү жетишкендиги катары Кумтөр кенинин Кыргыз Республикасынын элине кайтарылышы саналат. Мындан ары «Кумтөр» Кыргыз элине таандык деп сыймыктануу менен айта алабыз, анткени бул экономикалык гана жетишкендик эмес, өлкөнүн жаңы тарыхын эки доорго бөлгөн окуя. Бул туурасында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров 2022-жылдагы мамлекеттик органдардын ишинин негизги жыйынтыктары каралып жаткан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кеңешмесинин жүрүшүндө билдирди.

«11 жылда (2010-2021-жылдары) өлкөгө төлөнгөн дивиденддердин жалпы суммасы 5,3 млрд сомду түздү. 2022-жылы 10 айда эле «Кумтөр» кенинен 26,5 млрд сом чогултулган”, – деп белгиледи Акылбек Жапаров жана 2018-жылы тоо-кен тармагынан – 11 млрд сом, 2019-жылы – 13 млрд сом, үстүбүздөгү жылы 48 млрд сом каражат түшкөндүгүн, бул 3 эсеге көп экендигин кошумчалады.

Связанный пост