Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-майда, Кыргыз Республикасынын банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу банк системасынын кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Банк кызматкерлеринин кесиптик майрамы өз алдынча экономикалык саясат жүргүзүүгө негиз салган, эгемен Кыргызстан үчүн тарыхый окуя саналган улуттук валютабыз – кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргизилиши […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 7-9-майда Россия Федерациясына болгон иш сапары аяктады. 8-майда Москвадагы Чоң Кремль сарайында Садыр Жапаров Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге кол коюлган күндүн он жылдыгына карата өткөрүлгөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) мааракелик жыйынына катышты. Иш-чара Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашиняндын төрагалыгы астында Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенконун, Казакстан […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда, Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Москва шаарында Кызыл аянтта Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган парадга катышты. Кызыл аянттагы башкы аскердик парадга 9 миңден ашуун адам, 70 даана аскер техникасы жана авиация катышты. Жөө колоннанын курамына салттуу болгон түрлөрү боюнча бөлүнгөн полктор, батальондор жана […]Читать далее
Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана ардагерлерди Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгы менен куттуктады. “Бул маанилүү күнү биз ошол каргашалуу мезгилде фашисттик режимди токтотуп, бүткүл адамзатка тынчтык алып келген баатырлардын катарына кошулган ар бир фронтчуга жана тыл эмгекчисине таазим этебиз. Жалпы Мекендин эркиндиги жана […]Читать далее
Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгы менен куттуктады. “Бул тарыхый этап – биздин жалпы эс тутумубуз жана кайгыбыз, жалпы байлыгыбыз жана Улуу Жеңиш үчүн сыймыгыбыз. 9-майда биз согуш талааларында жана эмгек фронтунда Жеңишке жетишкендердин ысымдарын эстейбиз. Биз тирүүлөрдү урматтап, келечек муундар үчүн тынчтык […]Читать далее
Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгы менен куттуктады. “9-май данктуу датасы — биздин элдерибиздин теңдеши жок эрдигинин символу. Бул күнү биз курман болгондордун жаркын элесине башыбызды ийип, Улуу Жеңишти согуш талаасында бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгара кармашкан ата-бабаларыбыздын эрдигин, […]Читать далее
Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгы менен куттуктады. “9-май – нацизмге каршы биримдикте күрөшүп, келечек муундар үчүн жашоо жана эркиндик укугун коргогон өлкөлөрүбүздүн элдери үчүн бириктирүүчү дата. Биз бирге болгонубуз үчүн жеңишке жетиштик. Ата Мекендин баатырларынын эрдиги, кайраттуулугу – түбөлүккө сакталат. Биз […]Читать далее
Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгы менен куттуктады. «Сизге Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктоо жолдойм! Бул күнү биз согуш талаасында жана эмгек фронтунда жеңишке жетишкендерге таазим этебиз. Бул улуу Жеңиш күнү кийинки муундардын жаркын келечегин баары […]Читать далее
Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгы менен куттуктады. “9-май – биздин элдер үчүн жалпы майрам, ал фашизмге каршы, эркиндик жана көз карандысыздык үчүн күрөштө фронтовиктердин жана ооруктагы эмгекчилердин тең келбес эрдигинин жана жан аябастыгынын символу катары […]Читать далее
Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана көп улуттуу Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгы менен куттуктады. “Боордош элдерибиздин жалпы душманга каршы биргелешкен баатырдык күрөшү, чыныгы эрдиктин жана кайраттуулуктун айкын мисалы, кандуу согуштагы жалпы даңктуу Жеңиш алтын тамгалар менен биздин өлкөлөрдүн тарыхында жазылган. Боорукердик жана урмат көрсөтүү, адамзатты […]Читать далее