Тажикстан Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Жеңиштин 79 жылдыгы менен куттуктады

 Тажикстан Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Жеңиштин 79 жылдыгы менен куттуктады

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгы менен куттуктады.

“9-май данктуу датасы — биздин элдерибиздин теңдеши жок эрдигинин символу. Бул күнү биз курман болгондордун жаркын элесине башыбызды ийип, Улуу Жеңишти согуш талаасында бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгара кармашкан ата-бабаларыбыздын эрдигин, баатырдыгын жана берилгендигин сыймыктануу жана ыраазычылык менен эскеребиз.

Достук, тилектештик жана өз ара колдоонун жакшы салттары келечекте да Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн позитивдүү динамикасын бекемдөөгө кызмат кылат деп ишенем”, – деп айтылат Тажикстан Президентинин куттуктоосунда.

Эмомали Рахмон Садыр Жапаровго ден соолук жана ийгилик, ал эми Кыргызстан элине тынчтык жана бакубатчылык каалады.

Связанный пост