Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, “Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 9-беренесине ылайык, Элдик Курултайдын Улуттук Кеңешинин 2023-жылдын 15-декабрындагы жыйналышынын протоколунун негизинде Абдылдаев Мыктыбек Юсупович Элдик Курултайдын Катчылыгынын жетекчиси болуп дайындалды.Читать далее
“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды тапшыруу салтанаттуу аземи болуп өттү. Мамлекеттик сыйлыктарды Президенттин колунан коомдук ишмерлер, маданият, билим берүү жана илим, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик башкаруу, айыл чарба, курулуш жана башка чөйрөлөрдүн өкүлдөрү өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн алышты. “Узап бараткан жылда бир топ […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-декабрда Бажы кызматынын кызматкерлеринин күнүнө карата өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы Мамлекеттик бажы кызматынын (МБК) борбордук аппаратынын имаратында жайгашкан бажы кызматынын музейине барды. Ошондой эле Садыр Жапаров бажы операцияларынын бардык деңгээлдеринде ачык-айкындуулугун камсыздаган, ошондой эле бажы органдарынын ишинин оперативдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жакшыртууга өбөлгө түзгөн МБКнын Кырдаалдык борборунун иши […]Читать далее
“Мезгил жаңы милдеттерди тагып, жаңы талаптарды коюп жаткан учурда өлкөнү ырааттуу өнүгүү жолуна салууга сыйлык алган жарандарыбыздын салымы зор”, – деп президент Садыр Жапаров бүгүн ар кыл тармактын өкүлдөрүнө өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаттуу аземинде белгиледи. Мамлекет башчысы өз сөзүндө төмөнкүлөрдү айтты: “Урматтуу мекендештер! Мамлекеттик сыйлыктарга арзыган ардактуу замандаштар! Оболу кирип келген […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн Бажы кызматынын кызматкерлеринин күнүнө карата өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чарага катышты, деп билдирет мамлекет башчысынын маалымат кызматы. Мамлекет башчысы Мамлекеттик бажы кызматынын (МБК) борбордук аппаратынын имаратында жайгашкан бажы кызматынын музейине барды. Ошондой эле Садыр Жапаров бажы операцияларынын бардык деңгээлдеринде ачык-айкындуулугун камсыздаган, ошондой эле бажы органдарынын ишинин оперативдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жакшыртууга өбөлгө түзгөн МБКнын […]Читать далее
Бүгүн президент Садыр Жапаров өзгөчө эмгеги таанылып, ар кыл тармакта эмгектенген кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаттуу аземине катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет. Иш-чара УТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде жана социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт. Түз алып көрсөтүү саат 11:55те башталат.Читать далее
Президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу инвесторлор жана мамлекеттик органдарга кайрылды. Текстти толугу менен келтиребиз: “Урматтуу кыргызстандыктар! Акыркы жылдары биздин өлкөгө чет мамлекеттерден инвесторлор көп келе башташты. Албетте, бул бизди абдан кубандырат. Себеби сырттан инвестиция кирбесе, өлкөнүн өнүгүшү кыйын. Тилекке каршы, айрым инвесторлорду жеке ишкерлер алдап кеткен учурлар катталып, алар арыз жазып жатышат. Албетте, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 24-26-декабрда Санкт-Петербург шаарына (Россия Федерациясы) болгон иш сапары аяктады. Мамлекет башчысы Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына, ошондой эле Россия тарап жыл сайын демилгелеп келген Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) өлкөлөрүнүн лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышты. Бейформал жолугушуунун алкагында Президент Садыр Жапаров жана КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери “Павловск” коругуна, “Царское Село” жана […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 25-декабрда, Санкт-Петербург шаарында (Россия Федерациясы) Жогорку Евразия экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги отурумуна катышты. Иш-чара Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин төрагалыгы астында, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин катышуусунда өттү. ЕАЭБдин байкоочу өлкөлөрүнүн лидери катары видео-конференц-байланыш режиминде Кубанын Президенти Мигель Диас-Канель видео […]Читать далее
Бүгүн, 25-декабрда, Санкт-Петербург шаарында (Россия Федерациясы) өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) кезектеги отурумунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту: -“ЕАЭБ алкагында 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө “Евразия экономикалык жолу” декларациясын ишке ашыруу боюнча «Иш-чаралар планы жөнүндө (“жол […]Читать далее