Дмитрий Медведев Президент Садыр Жапаровду жана ардагерлерди Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгы менен куттуктады

 Дмитрий Медведев Президент Садыр Жапаровду жана ардагерлерди Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгы менен куттуктады

Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана ардагерлерди Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгы менен куттуктады.

“Бул маанилүү күнү биз ошол каргашалуу мезгилде фашисттик режимди токтотуп, бүткүл адамзатка тынчтык алып келген баатырлардын катарына кошулган ар бир фронтчуга жана тыл эмгекчисине таазим этебиз. Жалпы Мекендин эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн жанын бергендердин жаркын элесине башыбызды ийебиз.

Жеңүүчүлөрдүн муунунан, алардын кайраттуулугунан жана туруктуулугунан үлгү алуу менен гана биз биргелешкен аракеттер аркылуу заманбап чакырыктарга туруштук бере алабыз деп ишенем”, – деп айтылат Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басарынын куттуктоосунда.

Дмитрий Медведев ошондой эле Кыргыз Республикасында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана ооруктун эмгекчилерине ыраазычылык сөздөрүн жана бекем ден соолук жана бакубатчылык каалоолорун билдирди.

Связанный пост