Беларусь Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Жеңиштин 79 жылдыгы менен куттуктады

 Беларусь Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Жеңиштин 79 жылдыгы менен куттуктады

Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгы менен куттуктады.

“9-май – нацизмге каршы биримдикте күрөшүп, келечек муундар үчүн жашоо жана эркиндик укугун коргогон өлкөлөрүбүздүн элдери үчүн бириктирүүчү дата. Биз бирге болгонубуз үчүн жеңишке жетиштик.

Ата Мекендин баатырларынын эрдиги, кайраттуулугу – түбөлүккө сакталат. Биз аларга эбегейсиз карыздарбыз жана алардын эрдигин эскерүүнүн өчпөс отун сактап, андай кандуу окуялардын кайталанышына жол бербешибиз керек.

Ошол каардуу жылдардын оор сыноолорунан өткөн Беларусь жана Кыргызстан элдеринин бир туугандык достугу узак мөөнөттүү жана жемиштүү кызматташтыкты кеңейтүү үчүн ишенимдүү пайдубал болот деп ишенем”, – деп айтылат Беларусь Президентинин куттуктоосунда.

Александр Лукашенко Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Связанный пост