Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров менен Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызыкчылык туудурган түрдүү тармактардагы кыргыз-армян эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелерин жана экономикалык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүнүн жолдорун талкуулашты.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Тараптар кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык, социалдык-гуманитардык жана инвестициялык чөйрөдө биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты. Евразия экономикалык биримдигиндеги интеграциялык кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевге президенттик шайлоодогу жеңишине байланыштуу куттуктоо телеграммасын жолдоду. “Урматтуу Шавкат Миромонович, Сиздин президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңишиңиз менен чын дилимден куттуктайм. Президенттик шайлоонун жыйынтыгы Сиздин Өзбекстан элиндеги бийик кадыр-баркыңыздын, республиканын туруктуу социалдык-экономикалык өсүшүн камсыз кылууга багытталган прагматикалык жана көрөгөч саясатыңызга болгон элдин ишениминин жана колдоосунун айкын далили. […]Читать далее
“Кыргызстан “жашыл” суутекти өндүрүү жана пайдалануу жаатында Германия менен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө кызыкдар”, – деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-июнда, Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, билдирди. Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасы өзүнүн өнүгүү жолунда дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү сыяктуу эле, негизинен жаратылыш ресурстарын […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-июнда, Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады. Мамлекет башчысы төмөнкүлөрдү белгиледи: “Учурдан пайдаланып, Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер мырза баштаган германиялык делегацияга ыраазычылык билдирем, меймандос Кыргызстан жерине кош келдиңиздер. Бул сапар биздин өлкөлөр ортосундагы достукту жана […]Читать далее
Бүгүн, 22-июнда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен өлкөгө расмий сапар менен келген Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин сүйлөшүүлөрү болду. Өлкө лидерлери кыргыз-герман эки жана көп тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөдөгү маселелерин, ошондой эле бардык тармактардагы өз ара мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президент Садыр Жапаров немец делегациясынын башында турган Германия Президенти менен […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров менен Германиянын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин расмий
Бүгүн, 22-июнда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен өлкөгө расмий сапар менен келген Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. “Ала-Арча” Мамлекеттик резиденциясында мрамор чатырдын астында Кыргызстандын жана Германиянын мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароол тизилди, килемчелер төшөлдү. Өлкө лидерлери бири-бири менен учурашты, Кыргызстандын жана Германиянын мамлекеттик гимндери жаңырды. […]Читать далее
Германиянын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргыз Республикасына расмий сапар менен
Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келди. “Манас” эл аралык аэропортунан жогорку даражалуу мейманды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тосуп алды. Иш сапардын алкагында Германиянын Федералдык Президенти Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен жолугат, анда тараптарды өз ара кызыктырган кыргыз-герман өнөктөштүгүн чыңдоо жана […]Читать далее
Германиянын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргызстанга расмий сапар менен келет
Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер 21-23-июнда Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландаштырылууда. Мамлекет башчылары кыргыз-герман эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу маселелеринин кеңири спектрин талкуулашат, ошондой эле достук […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Сочи шаарына (Россия Федерациясы) болгон жумуш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин өлкөлөрүнүн делегация башчылары менен бирге Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы Россия Федерациясынын Президентине Кыргыз […]Читать далее