Акылбек Жапаров Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Сочи шаарына (Россия Федерациясы) болгон жумуш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин өлкөлөрүнүн делегация башчылары менен бирге Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолукту.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы Россия Федерациясынын Президентине Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун куттуктоо сөздөрүн жана каалоо-тилектерин жолдоду.

 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы КМШ Өкмөт башчыларынын кеңешинин Кыргыз Республикасы төрагалык кылган жыл ичинде Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алкагында биринчи отуруму ийгиликтүү өткөнүн белгиледи.

 

“КМШнын жыйынынын маанилүү окуясы болуп 10 жылдан ашуун убакытта иштелип чыккан Кызмат көрсөтүүлөрдү эркин соодалоо, түзүү, иштетүү жана инвестициялоо жөнүндөгү макулдашууга кол коюу болду”, – деди Акылбек Жапаров.

 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы кошумчалагандай, “Кыргызстандын КМШга төрагалыгынын алкагында биз өз ара соода жүргүзүү үчүн эң жагымдуу шарттарды түзүү жана соодадагы ашыкча тоскоолдуктарды жоюу боюнча биргелешкен чараларды мындан ары күчөтүүгө, КМШ ишмердүүлүгүнүн мындан аркы өнүгүшүнө, Шериктештиктин аймагында интеграциялык процесстерди тереңдетүүгө салым кошууга даярбыз”.

 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы өткөн жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен Кыргызстанда башталган ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн Экинчи жаштар форумунун өткөрүлүшү тууралуу жылуу пикирин билдирди.

Ал ошондой эле сооданы, инвестицияны жана экономикалык интеграцияны илгерилетүү боюнча биргелешкен аракеттер ата мекендик ишкерлер үчүн жаңы горизонтторду ачып, туруктуу экономикалык өсүшкө өбөлгө түзөөрүн кошумчалады.

 

“Азыркы шарттарда өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө альтернативдүү валюталарды колдонууну кеңейтүү маанилүү”, – деп белгиледи Акылбек Жапаров.

 

Жолугушуунун соңунда Министрлер Кабинетинин Төрагасы белгилегендей, Кыргыз Республикасынын КМШ органдарындагы төрагалыгынын алкагында “Шериктештиктин мамлекет башчыларынын кеңешинин жана өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйындары ушул жылдын күзүндө Бишкекте өткөрүлөт”.

 

“Сиздерди меймандос кыргыз жергесинде жолуктурууга биз абдан кубанычтабыз”, – деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

 

Өз кезегинде Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин ЕАЭБ жана КМШ мамлекеттеринин экономикасын өнүктүрүүдө соода байланыштарын кеңейтүү жана жогорулатуунун зарылдыгын белгиледи.

 

“Өнөр жай кооперацияларын өнүктүрүү, биргелешкен жаңы өндүрүштөрдү түзүү, өзгөчө “ЕАЭБде жасалган” – деген жалпы соода маркасына жетүүбүз зарыл”, – деп белгиледи Владимир Путин.

Связанный пост